# КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/1 "Банктардын милдеттүү камдарынын минималдуу деңгээли жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/1 "Банктардын милдеттүү камдарынын минималдуу деңгээли жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 50/1
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302968>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-515/edition/932743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302968.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/1 "Банктардын милдеттүү камдарынын минималдуу деңгээли жөнүндө" токтому (13.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302968

---

КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-2-(ДКП) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 14-ноябры № 50/1 Банктардын милдеттүү камдарынын күндөлүк минималдуу деңгээли жөнүндө (КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 8-декабрындагы № 54/2, 2017-жылдын 25-октябрындагы № 07/45-3 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 22 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ар бир коммерциялык банктын милдеттүү камдык талаптарды аткаруу үчүн Улуттук банктагы корреспондентик эсебиндеги каражаттарынын жана коммерциялык банктын Улуттук банктагы жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдеринин өлчөмү күндөлүк негизде коммерциялык банктын тиешелүү мезгил аралыгына белгиленген милдеттүү камдарынын көлөмүнүн кеминде 90 пайызын түзүүгө тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 8-декабрындагы № 54/2, 2014-жылдын 25-октябрындагы № 07/45-3 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 23-апрелиндеги №16/5 "Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы №8/2 " Милдеттүү камдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын.

3. Юридика башкармалыгы:

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Экономика башкармалыгы бул токтом менен түзүмдүк бөлүмдөрдү жана коммерциялык банктарды тааныштырсын.

5. Токтом 2014-жылдын 18- ноябрынан тартып күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жеңиш мырзага жүктөлсүн.

Төрага үчүн Төраганын орун басары

Н. Жениш
