Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 30-октябры № 47/8 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- 2013-жылдын 26-июнундагы №20/1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу”;
- 2013-жылдын 28-мартындагы №10/6 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу”.
2. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдуy Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом, расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жеңиш мырзага жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдыгулов
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын «30»- октябрындагы № 47\8 токтомуна карата Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр
1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы №20/1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобонун: 21-пунктту төмөнкү редакцияда берилсин: «21. Тике катышуучу – Улуттук банк тарабынан лицензияланган, Улуттук банкта корреспонденттик/күндөлүк эсепке ээ коммерциялык банк (мындан ары Банк), Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда иш алып барууга Улуттук банк менен тиешелүү келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги.».
2. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/6 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө” жобонун: 9-пунктту төмөнкү редакцияда берилсин: «9. Тике катышуучу – Улуттук банк тарабынан лицензияланган, Улуттук банкта корреспонденттик/күндөлүк эсепке ээ коммерциялык банк (мындан ары Банк), ноталар рыногунда иш алып барууга Улуттук банк менен тиешелүү келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги (1, 2-тиркемелер).”.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын…Положение · 28.03.2013 · № 10/6
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып…Положение · 26.06.2013 · № 20/1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын…Положение · 28.03.2013 · № 10/6
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып…Положение · 26.06.2013 · № 20/1
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы № 20/1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу…Постановление · 26.06.2013 · № 20/1
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.