Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Улуттук банк Башкармасынын «Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/15 «Чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 30-октябры № 47/7 Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/15 «Чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 17 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/15 «Чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү тууралу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын белгилөө эрежелеринин: 2-тиркемесинин 20-пункт өз күчүн жоготкон катары танылсын.
2. Токтом 2015-жылдын 15-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Жениш Н. мырзага жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдыгулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- 2013-жылдын 28-марты № 10/15 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо" эрежелерин бекитүү тууралуу"…Постановление · 28.03.2013 · № 10/15
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо" (Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 3-мартындагы №…Правила · 28.03.2013 · № 10/15
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон