Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы №5/6 “Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун убактылуу тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫНУЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 17-октябры № 45/2 Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы №5/6 “Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун убактылуу тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы №5/6 “Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун убактылуу тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун убактылуу тартибинин:
- мамлекеттик тилдеги аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун убактылуу тартиби;
- 1.1-пункту төмөнкүдөй жаңы редакцияда берилсин:
“1.1. Бул, Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун убактылуу тартиби (мындан ары – Тартип), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынын жөнгө салынган, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын жүзөгө ашырууда колдонулуучу атайы терминдерди эске алуу менен ишкердикти жүзөгө ашырган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит мекемелери тарабынан (мындан ары – банктар/ФКМдер) кредиттөөнү ишке ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон кредиттик тобокелдиктерге жана чыгым тартууларга баа берүүгө карата ыкмаларды оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан.”.
2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясын, Кыргызстандын кредиттик союздары жана кооперативдери ассоциациясын, Кредиттик союздардын улуттук ассоциациясын, “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсын жана «Ислам экономикасын, каржы жана индустриясын өнүктүрүү ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Д.Орозбаевага ыйгарылсын.
Төрага
Т. Абдыгулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 "Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун…Постановление · 02.03.2006 · № 5/6
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон