# КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболорун бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболорун бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 45/1
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.10.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302960>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-511/edition/596140/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302960.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.10.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболорун бекитүү жөнүндө" токтому (02.10.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302960

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 17-октябры № 45/1 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболорун бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү жоболор бекитилсин:

- "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" (1-тиркеме);

- "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" (2-тиркеме);

- "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" (3-тиркеме).

2. Токтом 2015-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.

3. Улуттук банктын Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы, Тышкы көзөмөл башкармалыгы 2015-жылдын 1-июнуна чейин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттордун формаларын автоматташтырсын.

4. Улуттук банктын Юридика башкармалыгы:

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

5. Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен микрофинансылык компанияларды, микрокредиттик компанияларды, микрокредиттик агенттиктерди, кредиттик союздарды тааныштырсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзүгү ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Д. Орозбаевага ыйгарылсын.

Төрага

Т. Абдыгулов
