# КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 13-августундагы № 36/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдорун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 13-августундагы № 36/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдорун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 36/3
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302957>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-509/edition/575126/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302957.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 13-августундагы № 36/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдорун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө" токтому (13.08.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302957

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 13-августу № 36/3 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдорун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 1-декабрындагы № 31/3 "Биринчилик дилерлердин мамлекеттик казна векселдери менен иш алып баруусу жөнүндө" Нускоо тууралуу токтому;

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 22-сентябрындагы № 25/4 "Депозитардык эсепке алууну уюштуруу жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарынын экинчилик рынокто жүгүртүлүшүнүн тартиби жөнүндө" Убактылуу нускоо тууралуу токтому.

2. Юридика башкармалыгы:

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом, расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.

Төрага

Т. Абдыгулов
