Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы №36/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 31-июлу № 34\11 Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы №36/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Улуттук Банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө" жобонун:
- 35-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Банк тарабынан ижарага берүү максатында кыймылсыз мүлктүн сатылып алынышына жол берилбейт.";
- 37-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"37. Колдонулбай жаткан банктык жайларды сыяктуу эле, банк ээлеген жайдан өзүнчө турган, ижарачы үчүн өзүнчө кирүү мүмкүнчүлүгү каралган жайдын бир бөлүгүн Банк, турак жай эмес жайларды пайдалануу боюнча техникалык коопсуздук шарттары жана башка талаптар сакталган шартта ижарага/субижарага берүүгө укуктуу. Банктар пайдаланылбай жаткан банктык жайларын ижарага/субижарага бергендиги жана/же ижарачы тууралуу маалыматтарды, ижара мөөнөтүн көрсөтүү менен ижарачыларды алмаштыргандыгы тууралуу маалыматтарды Улуттук банктын Тышкы көзөмөл башкармалыгына кат жүзүндө билдирүүгө тийиш.";
- жобонун 37-1-пункт алынып салынсын.
2. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага
Т. С. Абдыгулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө" ЖОБОПоложение · 29.08.2012 · № 36/2
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелер (2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген)Правила · 15.07.2009 · № 30/6
- 2012-жылдын 29-августу № 36/2 "Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө"…Постановление · 29.08.2012 · № 36/2