# КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 11-июнундагы № 25/7 "Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы №95/4 " Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 11-июнундагы № 25/7 "Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы №95/4 " Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25/7
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302950>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-504/edition/582130/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302950.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 11-июнундагы № 25/7 "Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы №95/4 " Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (11.06.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302950

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 11-июну № 25/7 Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы №95/4 " Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 18 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы №95/4 " Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу " токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Юридика башкармалыгы:

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым С.К. Алыбаевага ыйгарылсын.

Төрага

Т.С. Абдыгулов

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014- жылдын 11 июнунун № 25/7 токтомуна карата тиркеме

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы №95/4 "Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна карата өзгөртүүлөр

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы №95/4 "Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун:

1. 5-пунктунда жана андан ары бүтүндөй тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Финансы полициясы кызматынын (мындан ары - Финансы полициясы)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат" (мындан ары Финполиция) деген сөздөргө алмаштырылсын.
