# КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 11-июнундагы № 25/9 "Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" Жобо тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 11-июнундагы № 25/9 "Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" Жобо тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25/9
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302949>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-503/edition/582128/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302949.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 11-июнундагы № 25/9 "Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" Жобо тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (11.06.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302949

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 11-июну № 25/9 Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" Жобо тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" Жобо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" Жобонун: "Мурабаха" бүтүмү" деп аталган 2.3-главасы төмөнкү мазмундагы 16-пункт менен толукталсын: "16. Банк Шариат стандарттарына ылайык келген принциптерди жана шарттарды сактоо менен кардарларга "мурабаха" бүтүмү боюнча каржылоону сунуштоо үчүн ислам финансылык мекемелери менен келишим түзө алат. Банк менен "мурабаха" бүтүмү боюнча каржылоону сунуштаган ислам финансылык мекемеси ортосундагы келишим, банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш.".

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Юридика башкармалыгы:

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.

Төрага

Т.С. Абдыгулов
