# КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокаржылоо компанияларынын ишин жөнгө салуу эрежелерин" бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокаржылоо компанияларынын ишин жөнгө салуу эрежелерин" бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24/11
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302943>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-500/edition/895885/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302943.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокаржылоо компанияларынын ишин жөнгө салуу эрежелерин" бекитүү тууралуу" токтому (30.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302943

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 30-майы № 24/11 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокаржылоо компанияларынын ишин жөнгө салуу эрежелерин" бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. "Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокаржылоо компанияларынын ишин жөнгө салуу эрежелери" (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Токтом расмий жарыялангандан отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Юридика башкармалыгы:

- бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- токтом расмий жарыялангандан кийин аны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен микрокаржылоо компанияларын жана Микрокаржылоо уюмдары ассоциациясын тааныштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.

Төрага

Т.C. Абдыгулов
