Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «“Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө” нускоону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 30-майы № 24/9
“Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө” нускоону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 4, 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган “Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө” нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; расмий жарыялангандан кийин токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен кредиттик союздарды, адистештирилген финансы-кредиттик мекеме “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсын, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага
Т.С. Абдыгулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- Кредиттик союздар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө НУСКОО (Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24\9)Инструкция · 30.05.2014 · № 24/9
- КР Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) "Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана…Постановление · 15.06.2017 · № 2017-П-12/25-12-(НПА)
- О внесении изменений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской Республики по вопросам применения мер воздействия к небанковским финансово-кредитным…Постановление · 23.12.2020 · № 2020-П-33/73-13-(НФКУ)
- "О внесении изменений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской Республики (по вопросам регулирования деятельности НФКО)"Постановление · 21.12.2022 · № 2022-П-12/81-7-(НФКУ)
- "О внесении изменений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской Республики"Постановление · 22.01.2025 · № 2025-П-12/2-3-(НФКУ)
- О внесении изменений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской РеспубликиПостановление · 22.04.2020 · № 2020-П-33/24-2-(НФКУ)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/8 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоо киргизүү тууралуу"Постановление · 16.09.2015 · № 53/8