# КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 26-мартындагы № 12/8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 26-мартындагы № 12/8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12/8
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.03.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302933>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-491/edition/528355/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302933.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.03.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 26-мартындагы № 12/8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (26.03.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302933

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 26-марты № 12/8 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук Банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө” жобонун:

- 1-тиркемесинин:

13-пунктунун 9-бөлүгүнүн Д, Е, Ж бөлүкчөлөрүндөгү «Аталышы» графасындагы “корпоративдик” деген сөздөр, тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “жана мамлекеттик” деген сөздөр менен толукталсын; 14-пунктунун 10-бөлүгүндөгү “Аталышы” графасы төмөнкү редакцияда берилсин: «Аффилирленген жактар жөнүндө маалыматтар»; 15-пунктунун 11-бөлүгүндөгү “Аталышы” графасы төмөнкү редакцияда берилсин: «Инсайдерлер жөнүндө маалыматтар»; 16-пунктунун 12-бөлүгүнүн “Аталышы” графасындагы “төлөө мөөнөттөрү боюнча” деген сөздөр “активдердин/милдеттенмелердин төлөө мөөнөттөрү” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- Жобого карата 2-тиркеменин 2-бөлүгүнүн 39-пунктундагы:

«менчиги» деген сөз «мүлкү» деген сөзгө алмаштырылсын;

б) пунктчасында “коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” деген сөздөр “жана мүлктөн салык” деген сөздөр менен толуктасын.

2. Улуттук Банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июлундагы №52/3 “Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө жобонун:

- 1-тиркемесинин:

8-пунктунун 4-бөлүгүндөгү “Аталышы” графасы төмөнкү редакцияда берилсин: «Аффилирленген жактар жөнүндө маалыматтар»; 9-пунктунун 5-бөлүгүндөгү “Аталышы” графасы төмөнкү редакцияда берилсин: «Инсайдерлер жөнүндө маалыматтар»;

- 2-тиркеменин 39-пунктунун 2-бөлүгүндөгү:

«менчиги» деген сөз «мүлкү» деген сөзгө алмаштырылсын;

б) пунктчасындагы “коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” деген сөздөр “жана

мүлктөн салык” деген сөздөр менен толуктасын.

3. Юридика башкармалыгы:

- бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- токтом расмий жарыялангандан кийин аны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредиттик мекеме “Кредиттик союздардын финансы компаниясы” ААКсын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүгүү банкын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

5. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.

Төрага

З. Асанкожоева
