Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 26-марты № 12/8 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук Банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө” жобонун:
- 1-тиркемесинин:
13-пунктунун 9-бөлүгүнүн Д, Е, Ж бөлүкчөлөрүндөгү «Аталышы» графасындагы “корпоративдик” деген сөздөр, тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “жана мамлекеттик” деген сөздөр менен толукталсын; 14-пунктунун 10-бөлүгүндөгү “Аталышы” графасы төмөнкү редакцияда берилсин: «Аффилирленген жактар жөнүндө маалыматтар»; 15-пунктунун 11-бөлүгүндөгү “Аталышы” графасы төмөнкү редакцияда берилсин: «Инсайдерлер жөнүндө маалыматтар»; 16-пунктунун 12-бөлүгүнүн “Аталышы” графасындагы “төлөө мөөнөттөрү боюнча” деген сөздөр “активдердин/милдеттенмелердин төлөө мөөнөттөрү” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Жобого карата 2-тиркеменин 2-бөлүгүнүн 39-пунктундагы:
«менчиги» деген сөз «мүлкү» деген сөзгө алмаштырылсын;
б) пунктчасында “коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” деген сөздөр “жана мүлктөн салык” деген сөздөр менен толуктасын.
2. Улуттук Банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июлундагы №52/3 “Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө жобонун:
- 1-тиркемесинин:
8-пунктунун 4-бөлүгүндөгү “Аталышы” графасы төмөнкү редакцияда берилсин: «Аффилирленген жактар жөнүндө маалыматтар»; 9-пунктунун 5-бөлүгүндөгү “Аталышы” графасы төмөнкү редакцияда берилсин: «Инсайдерлер жөнүндө маалыматтар»;
- 2-тиркеменин 39-пунктунун 2-бөлүгүндөгү:
«менчиги» деген сөз «мүлкү» деген сөзгө алмаштырылсын;
б) пунктчасындагы “коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” деген сөздөр “жана
мүлктөн салык” деген сөздөр менен толуктасын.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- токтом расмий жарыялангандан кийин аны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредиттик мекеме “Кредиттик союздардын финансы компаниясы” ААКсын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүгүү банкын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага
З. Асанкожоева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- "Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/3 токтому…Положение · 30.06.2010 · № 52/3
- Положение о Периодическом регулятивном банковском отчете (утверждено постановлением Правления Национального банка Кыргызской Республики от 25 августа 2005 года № 26/5)Положение · 25.08.2005 · № 26/5
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы №2019-П-12/34-4-(НПА) "Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө" жобону жана "Мезгил-мезгили менен берилүүчү…Постановление · 28.06.2019 · № 2019-П-12/34-4-(НПА
- Об утверждении Положения «О регулятивной банковской отчетности»Постановление · 19.07.2023 · № 2023-П-10/43-5-(НПА)
Шилтеме берет (2)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВЛЕНИЯ НАЦБАНКА КР от 25 августа 2005 года N 26/5 "О некоторых нормативных правовых актах Национального банка Кыргызской Республики"Постановление · 25.08.2005 · № 26/5
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.