Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы №2/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети күндүк кредити жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 19-марты № 9/5 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы №2/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети күндүк кредити жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 5, 7 жана 28-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы №2/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети күндүк кредити жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом, расмий жарыялангандан тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж. Жеенбаевага ыйгарылсын.
Төрага үчүн Төраганын орун басары
З.Л. Чокоев
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 19-мартындагы № 9/5 токтомуна карата тиркеме
Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети күндүк кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор
Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети күндүк кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: Жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети күндүк кредити жөнүндө" жобонун:
- 5-пунктунун экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөрү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары (мындан ары - МБК) күрөө предмети катары колдонулат. МБКы түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун көлөмүнүн жетиштүүлүгүнө (пайыздык туюндурууда), түрүнө жана башка параметрлерине карата талаптар КДКР тарабынан белгиленет.";
- III глава төмөнкү 13-1-пункт менен толукталсын:
"13-1. Банк, Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун кошо алганда, валюта рыногунда жана баалуу кагаздар рыногунда операцияларды ишке ашыруу үчүн пайдаланууга укугу жок. Банк, Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга тийиш.";
- Жобого карата тиркеменин 2-главасы төмөнкү мазмундагы 2.5-1-пункт менен толукталсын:
"2.5-1. Банк, Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун кошо алганда, валюта рыногунда жана баалуу кагаздар рыногунда операцияларды ишке ашыруу үчүн пайдаланууга укугу жок. Банк, Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга тийиш.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети күндүк кредити жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/5 токтому менен…Положение · 29.01.2014 · № 2/5
- Положение "О 7-дневном кредите Национального банка Кыргызской Республики"Положение · 29.01.2014 · № 9/5
Шилтеме берет (2)
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети күндүк кредити жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/5 токтому менен…Положение · 29.01.2014 · № 2/5
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.