# КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-февралындагы № 3/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү резервдер жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-февралындагы № 3/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү резервдер жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3/2
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302925>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-483/edition/932579/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302925.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-февралындагы № 3/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү резервдер жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (13.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302925

---

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы №2019-П-07/10-1-(ДКП) токтомуна ылайык КУЧУН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 17-февралы № 3/2 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү резервдер жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 22 жана 43-беренелеринин талабына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 "Милдеттүү резервдер жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Милдеттүү резервдер жөнүндө" жободо:

- 2.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"2.6. МРТ аткарылышына контролдук эки жумалык базалык мезгилдин бүтүшү боюнча ишке ашырылат. Эгерде коммерциялык банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгы менен милдеттүү резервдердин өлчөмү ортосундагы базалык мезгил ичиндеги суммардык айырма оң же нөлгө барабар болсо, МРТ аткарылган катары таанылат. Андан тышкары, күндөлүк негизде коммерциялык банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгы МРТ минималдык деңгээлден аз эмес болуш керек, бул минималдык деңгээл Улуттук банктын өзүнчө чечими менен аныкталат. Эгерде андай болбосо, банк МРТны бузууга жол берген катары эсептелинип, андан төлөм кармалат. МРТнын аткарылышын эсептөө белгиленген форма боюнча ишке ашырылат. МРТны сактабагандыгы үчүн өндүрүлүп алынуучу төлөмдөрдүн суммасын эсептөө мисалдары 3-тиркемеде келтирилген.";

- төмөнкү мазмундагы 3.2.1-пункту менен толукталсын:

"3.2.1. Эгерде, коммерциялык банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде акча каражаттарынын калдыгы милдеттүү резервдердин минималдык деңгээлинде сакталбаса, күндөлүк аткарылбаган четтөөлөр үчүн банктан Улуттук банктын учеттук ченинен үч эсе төлөм кармалат.".

2. Милдеттүү резервдердин минималдык деңгээли ылайыктуу мезгилге аныкталган милдеттүү резервдердин суммасынан 80 пайыз болсун.

3. Токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

4. Юридика башкармалыгы бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.

Төрага

З. Асанкожоева
