# КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Овернайт" кредити жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Овернайт" кредити жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2/9
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302923>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-481/edition/509590/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302923.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Овернайт" кредити жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (29.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302923

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 29-январы № 2/9 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Овернайт" кредити жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Овернайт" кредити жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин.

2. Юридика башкармалыгы:

- токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом, расмий жарыялангандан тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.

Төрага

З. Асанкожоева

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/9 токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Овернайт" кредити жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Овернайт" кредити жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: жогору көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Овернайт" кредити жөнүндө Жободогу:

- 4-пунктундагы "Улуттук банк Башкармасы" деген сөздөр "Улуттук банкынын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети (мындан ары КДКР)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 5-пунктундагы "Улуттук банк Башкармасы" деген сөздөр "КДКР" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 27-пунктундагы "Улуттук банк Башкармасы" деген сөздөр "КДКР" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 1-тиркемесинин 2.5-пунктундагы "Улуттук банк Башкармасы" деген сөздөр "Улуттук банкынын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
