Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/7 „Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын „Овернайт“ кредити жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 29-январы № 2/9 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Овернайт" кредити жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Овернайт" кредити жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом, расмий жарыялангандан тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.
Төрага
З. Асанкожоева
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/9 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Овернайт" кредити жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Овернайт" кредити жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: жогору көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Овернайт" кредити жөнүндө Жободогу:
- 4-пунктундагы "Улуттук банк Башкармасы" деген сөздөр "Улуттук банкынын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети (мындан ары КДКР)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пунктундагы "Улуттук банк Башкармасы" деген сөздөр "КДКР" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 27-пунктундагы "Улуттук банк Башкармасы" деген сөздөр "КДКР" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 1-тиркемесинин 2.5-пунктундагы "Улуттук банк Башкармасы" деген сөздөр "Улуттук банкынын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "овернайт" кредити жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/7 токтому менен…Положение · 28.03.2013 · № 10/7
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.