# КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/9 ""Коммерциялык банктардын эл аралык операциялары жөнүндө" жобону бекитуү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/9 ""Коммерциялык банктардын эл аралык операциялары жөнүндө" жобону бекитуү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 52/9
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302915>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-475/edition/886113/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302915.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/9 ""Коммерциялык банктардын эл аралык операциялары жөнүндө" жобону бекитуү тууралуу" токтому (23.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302915

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 23-декабры № 52/9 "Коммерциялык банктардын эл аралык операциялары жөнүндө" жобону бекитуү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган "Коммерциялык банктардын эл аралык операциялары жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 25-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 24-декабрында 149-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 30/6 "Банктын эл аралык операциялары боюнча отчету жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.

3. Токтом 2014-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

4. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

5. Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

6. Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы ушул токтомго ылайык маалыматтарды топтоо жана иштеп чыгуу, тиешелүү отчетторду түзүү үчүн каралган программалык камсыздоону 2014-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө жаңылап, талапка ылайык келтирсин.

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.

Төрага

З. Асанкожоева
