# КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 45/13
- Кабыл алынган күнү: 27.11.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.11.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302909>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-471/edition/1017013/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302909.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому (27.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302909

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 27-ноябры № 45/13 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы № 20/13 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготкон катары эсептелинсин.

3. Юридика башкармалыгы бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын.

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Юридикалык башкармалыгы бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

6. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.

Төрага

З. Асанкожоева
