# КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/12 "Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөө күчүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө" жобого өзгөртүүнү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/12 "Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөө күчүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө" жобого өзгөртүүнү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 35/12
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302903>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-466/edition/506263/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302903.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/12 "Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөө күчүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө" жобого өзгөртүүнү киргизүү тууралуу" токтому (25.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302903

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 25-сентябры № 35/12 Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөө күчүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө" жобого өзгөртүүнү киргизүү тууралуу Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөө күчүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө" жобого сунуш кылынган өзгөртүүнүн долбоорун карап көрүү менен, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 43-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 2-октябрындагы № 122-08 каттоодон өткөн "Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөө күчүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө" жобого сунуш кылынган өзгөртүү (кошо тиркелет) киргизилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыялансын.

3. Расмий жарыялангандан кийин Юридика Башкармалыгы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары" журналында № 7/2013 жарыяланды

5. Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, финансы-кредит мекемелерин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Улуттук банктын Баткен өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын мүчөсү, айым С.К.Алыбаевага ыйгарылсын.

Төрагасы

З. Асанкожоева

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/12 токтомуна карата тиркеме

Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөө күчүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө" жобого өзгөртүү

Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/5 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөө күчүнүн белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "16. Ушул жобонун 2 жана 3-пункттарында келтирилген зыянга учураган банкнотту/монетаны жарактуу банкнотко алмаштыруу, ошондой эле бир нарктагы банкнотту/монетаны экинчисине алмаштыруу, Улуттук банкта, коммерциялык банктарда жана финансы-кредит мекемелеринде, суммаларда чектөөлөрсүз жана көрсөткөн кызмат үчүн акы өндүрүп алуусуз жүргүзүлөт.".

Төрага

З. Асанкожоева
