Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Улуттук банк Башкармалыгынын «Электрондук акчаны пайдалануу менентөлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө»жобо тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правления Национального банка КР от 12 мая 2015 года № 27/8 "Об утверждении Положения "Об электронных деньгах в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-05-12.
КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 12-майындагы № 27/8 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 27-августунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 81-07
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2007-жылдын 25-июлу № 36/6 "Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө" жобо тууралуу (КР Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 12-мартындагы № 10/3 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын аймагында алдынала төлөнгөн карт формасындагы электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу тартибин жана талаптарын аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7, 43-статьяларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы "Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө" жобонун долбоорун карап көрүү менен ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган "Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Төлөм системалары башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты расмий түрдө жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын.
5. Алдын ала төлөнгөн карт формасында электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер өз ишин 2008-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө "Электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө" жободо белгиленген тартипке ылайык келтиришсин.
(КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 12-мартындагы № 10/3 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын аймагында алдынала төлөнгөн карт формасындагы электрондук акчаны пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүү иши Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, "Эсептешүү-Сактык компаниясы" ААКсын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым Ч.К.Иманкуловага ыйгарылсын.
Төрага
М.Алапаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/7 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө ЖОБОПоложение · 14.10.2009 · № 41/7
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 12-майындагы № 27/8 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 12.05.2015 · № 27/8
- Алдынала төлөнгөн карттар формасындагы электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын…Положение · 25.07.2007 · № 36/6 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 12-майындагы № 27/8 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 12.05.2015 · № 27/8
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Алдынала төлөнгөн карттар формасындагы электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын…Положение · 25.07.2007 · № 36/6 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.