# КР Улуттук банкынын 2013-жылдын 27-ноябры № 642/44/12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4 " Кыргыз Республикасындагы накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банкынын 2013-жылдын 27-ноябры № 642/44/12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4 " Кыргыз Республикасындагы накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Кабыл алынган күнү: 27.11.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.11.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302800>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-463/edition/886107/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302800.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.11.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банкынын 2013-жылдын 27-ноябры № 642/44/12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4 " Кыргыз Республикасындагы накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (27.11.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302800

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 27-ноябры № 642/44/12

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4 " Кыргыз Республикасындагы накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Накталай эмес эсептешүүлер тутумун өркүндөтүү жана накталай эмес формада ишке ашырылуучу салыктык төлөмдөрдү эсепке алуу тартибин аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамьнын 10 жана 17-беренелерин жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамьнын 4 жана 6-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4 "Кыргыз Республикасындагы накталай эмес эсептешүүлөр жөнүнде жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы накталай эмес эсептешүүлөр жөнүнде жободо:

2.4.1-пункт төмөнкү мазмунда баяндалсын:

"2.4.1. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен накталай эмес эсептешүүлөр товарларга, иштерге, көрсөтүлгөн кызматтарга акыларды, салыктарды, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү бюджетке банкоматтар, электрондук терминалдар жана башка перифериялык орнотмолор аркылуу төлөөдө жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Мында банктык картаны (карт-чек) пайдалануу менен транзакция жүргүзүүдөгү терминал, банкомат жана башка перифериялык орнотмолор аркылуу түзүлгөн кагаз документ салыктардын, жыйымдардын жана башка төлөмдөрдүн бюджетке телөнгөндүгүнүн далили боло алат.".

2.расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Примьер-министр

Ж. Сатыбалдиев

Төрайым

З.Асанкожоева
