Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк башкармалыгынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 25-сентябры № 35/16 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 26-августундагы № 49/9, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13, 31 мая 2017 года № 21/7, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын таасир этүү чараларын колдонуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин.
2. Юридика Башкармалыгы:
- токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяласын;
- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү банкын, "Кредиттик союздардын финансы компаниясы" ААКсын, Микрофинансылык уюмдарды, Кредиттик союздарды тааныштырсын.
4. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага
З.Асанкожоева
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/16 токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 26-августундагы № 49/9, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13, 31 мая 2017 года № 21/7, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 26-августундагы № 49/9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 28-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 26-июнунда № 47-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 22/4 токтому менен бекитилген "Тике банктык көзөмөл жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жобонун 2.2-пункту төмөнкү мазмунда берилсин:
"2.2. Көзөмөл боюнча комитет банкка тике банктык көзөмөлдүк милдеттерин аткаруу үчүн Тышкы көзөмөл башкармалыгынан ыйгарым укуктуу кызматкерин/кызматкерлерди жөнөтөт. Эгерде, банкка бир канча ыйгарым укуктуу кызматкерлер (мындан ары - текшерүүчүлөр тобу) жөнөтүлсө, анда алардын жетекчиси (мындан ары - текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси) дайындалат. Эгерде, банкка бир эле ыйгарым укуктуу кызматкер (мындан ары - текшерүүчү) жөнөтүлсө, анда ал текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин иш-милдетин аткарат (эгерде колдонулса)".
4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) Жобонун 6.8.6-пунктундагы "Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерин" деген сөздөр "Текшерүүчү/текшерүүчүлөр тобунун жетекчисин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) Жобонун 6.8.7-пунктундагы "Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерине" деген сөздөр "Текшерүүчү/текшерүүчүлөр тобунун жетекчисине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) Жобонун 6.9.2-пунктундагы "Инспектирлөө башкармалыгы жана/же Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы жана/же Тышкы көзөмөл башкармалыгы" деген сөздөр "Улуттук банктын көзөмөл блогунун бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын,";
8) Жобонун 6.8.7-пунктундагы "Инспектирлөө башкармалыгы жана/же Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы жана/же Тышкы көзөмөл башкармалыгы" деген сөздөр "Улуттук банктын көзөмөл блогунун бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын,";
9) Жобонун 7.4-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"7.4. Айып, банк тарабынан, ага айып салынгандыгы тууралуу токтом берилген күндөн кийинки бир айдан кечиктирилбестен, ал эми токтомго даттануу учурунда, даттануу калтырылгандыгы же канааттандырылбагандыгы тууралуу билдирилген күндөн кийинки он беш күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.".
5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/7 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 23-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 21-апрелинде 45-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 7/5 токтому менен бекитилген "Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жобонун 2.5-пункту төмөнкү мазмунда берилсин:
"2.5. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин компетенциясына кредиттик союзга карата төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдонуу боюнча чечимдерди кабыл алуу кирет:
- кыйла олуттуу экономикалык ченемдерди киргизүү;
- Улуттук банк тарабынан тике көзөмөлдүктү киргизүү;
- кредиттик союздардын ишин башкаруу боюнча убактылуу жетекчиликти киргизүү;
- айрым операцияларды жүргүзүүнү убактылуу токтотуу же чектөөлөрдү киргизүү;
- кызмат адамдардын баарын же айрымдарын алмаштыруу жөнүндө талап коюу;
- лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу;
- лицензияны кайтарып алуу";
2) жобонун 2.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2.6. Көзөмөл блогунун бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдүн начальниги, кредиттик союзга карата төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдоно алат:
- жазма буйрук жөнөтүү;
3) жобонун 2.7-пунктунун үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготкон катары таанылсын;
4) жобонун 2.8-пунктундагы "Тышкы көзөмөл башкармалыгынын/Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги" деген сөздөр "Улуттук банктын көзөмөл бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдүн начальниги/Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги/Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) жобонун 3.1-пунктундагы пунктунун "Тышкы көзөмөл башкармалыгынын/Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу жак" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) жобонун 3.4-пунктундагы "Тышкы көзөмөл башкармалыгынын/Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу жак" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) жобонун 3.5-пунктундагы "Тышкы көзөмөл башкармалыгынын/Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору" деген сөздөр "Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) жобонун 3.7-пунктундагы "Тышкы көзөмөл башкармалыгынын/Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору" деген сөздөр "Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) жобонун 3.8-пунктунун 9-абзацындагы "лицензия алгандан кийинки" 1 жылдан ашык" деген сөздөр "жана/же иштөө мезгили ичинде" сөздөргө алмаштырылсын;
10) жобонун 4.2-пунктундагы:
- "Тышкы көзөмөл башкармалыгынын/Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальнигинин жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу жактын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "иш" деген сөз алынып салынсын;
- бүтүндөй текст боюнча "Тышкы көзөмөл башкармалыгынын ишин тескөөгө алган" деген сөздөр "көзөмөл блогунун ишин тескөөгө алган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21-апрелинде № 55-05-номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 6/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети тууралуу" жобого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жобонун 1.1-пункту:
- "лицензияланган" деген сөздөн кийин "жана тескөөгө алынган" деген сөздөр менен толукталсын;
- "(мындан ары банктар жана ФКМ)" деген сөздөр "(мындан ары - банктар жана башка ФКМдер)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) Жобонун бүтүндөй текстинде "банктар жана ФКМдер" деген сөздөр "Банктар жана башка ФКМдер" деген сөздөргө, тиешелүү жөндөмө мүчөлөрүндө алмаштырылсын;
3) жобонун 2.1-пунктунун:
- м) пунктчасы "банктык" деген сөздөн кийин "жана монополияга каршы" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы у), ф) жана х) абзацтары менен толукталсын;
"у) МФУнун айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясын кайтарып алуу;
ф) кредиттик союздун/МФКнын лицензиясынын же МКК/МКАлардын эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн аракетин убактылуу токтотуу/чектүү;
х) МКК/МКАлардын эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүн кайтарып алуу";
4) жобонун 2.2-пунктунун:
- н) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"н) консерватор тарабынан консервация режиминде турган банктын алдыдагы алты айга карата иш планын кароо";
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы о) жана п) пунктчалары менен толукталсын:
"о) монополияга каршы ишин жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана банктык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоо (баа түзүү тартибинин бузулушу, анын ичинде, монополиялык жогорку (төмөн) баалардын белгилениши, колдоого алынышы; банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда үстөмдүк кылуучу абалдан кыянаттык менен пайдалануу маселелерин кошо алганда) боюнча маселелерди кароо";
п) Улуттук банк Башкармасы тарабынан Комитетке өткөрүлүп берилген башка маселелер.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 13 · байланышкандар: 9
Цитата келтиргендер (13)
- Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармаcынын 2006-жылдын 23-мартындагы № 7/5 токтому менен…Положение · 23.03.2006 · № 7/5
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым…Постановление · 15.06.2017 · № 2017-П-12/25-4-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 токтому менен бекитилген, Тике банктык көзөмөл жөнүндө ЖОБОПоложение · 28.05.2008 · № 22/4
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу…Постановление · 31.05.2017 · № 21/7
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 "Улуттук банк Башкармасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар…Постановление · 17.05.2017 · № 19/13
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" Жобосу (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын 2005-жылдын 19-мартындагы N 6/2 токтому…Положение · 19.03.2005 · № 6/2
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары…Постановление · 31.05.2017 · № 21/7
- Положение о предупредительных мерах и санкциях, применяемых Национальным банком Кыргызской Республики к микрофинансовым организациям" (утверждено постановлением Правления…Положение · 19.05.2005 · № 16/3 · Күчүн жоготкон
- Положение о мерах воздействия, применяемых к банкам и некоторым другим финансово-кредитным учреждениям, лицензируемым Национальным банком Кыргызской Республики (утверждено…Положение · 19.05.2005 · № 16/2 · Күчүн жоготкон
- Инструкция по рассмотрению дел об административных правонарушениях в сфере банковского законодательства органами Национального банка Кыргызской Республики (утверждена…Инструкция · 15.04.1999 · № 31/8 · Күчүн жоготкон
- КР Улуттук банкы менен коммерциялык банктардын, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруучу уюмдардын жана алардын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын), юридикалык…Положение · 18.03.2005 · № 5/5 · Күчүн жоготкон
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 26-августу № 49/9 "Банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга тиешелүү иштерди (дело) карап чыгуу жөнүндө" нускоо…Постановление · 26.08.2015 · № 49/9 · Күчүн жоготкон
- О мерах воздействия, применяемых к небанковским финансово-кредитным организациям и другим юридическим лицам, поднадзорным Национальному банку Кыргызской РеспубликиПостановление · 23.12.2020 · № 2020-П-33/73-12-(НФКУ)
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым…Постановление · 15.06.2017 · № 2017-П-12/25-4-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 "Улуттук банк Башкармасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар…Постановление · 17.05.2017 · № 19/13
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары…Постановление · 31.05.2017 · № 21/7
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 26-августу № 49/9 "Банктык мыйзамдар чөйрөсүндө администрациялык укук бузууларга тиешелүү иштерди (дело) карап чыгуу жөнүндө" нускоо…Постановление · 26.08.2015 · № 49/9 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (9)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндөЗакон · 23.07.2002 · № 124
- Постановление Правления Национального банка КР от 23 марта 2006 года № 7/5 "Об утверждении Положения "О мерах воздействия, применяемых к кредитным союзам"Постановление · 23.03.2006 · № 7/5
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы N 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү" жобону бекитүү…Постановление · 19.03.2005 · № 6/2
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правления Национального банка КР от 18 марта 2005 года № 5/5 "Об утверждении Положения о досудебном регулировании споров между Национальным банком КР и…Постановление · 18.03.2005 · № 5/5 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правления Нацбанка КР от 15 апреля 1999 года № 31/8 "Об утверждении Инструкции по рассмотрению дел об административных правонарушениях в сфере банковского…Постановление · 15.04.1999 · № 31/8 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правления Национального банка от 19 мая 2005 года №16/2 "Об утверждении Положения "О мерах воздействия, применяемых к банкам и некоторым другим финансово-кредитным…Постановление · 19.05.2005 · № 16/2 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правления Национального банка КР от 19 мая 2005 года №16/3 " Об утверждении Положения "О предупредительных мерах и санкциях, применяемых Национальным банком…Постановление · 19.05.2005 · № 16/3 · Күчүн жоготкон
- АВИАЦИОННЫЕ ПРАВИЛА КР АПКР-8 "Летная годность воздушных судов" (утверждены приказом Минтранскоммуникаций КР от 27 мая 2008 года № 165)Правила · 27.05.2008 · № 165 · Күчүн жоготкон