Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк башкармалыгынын «Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында № 5/7, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн «Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики "Об утверждении Положения "О лицензировании деятельности банков" от 8 июня 2017 года № 2017-П-12/23-1-(НПА)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-06-08.
КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 23-октябры № 39/10 Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында № 5/7, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын тарабынан 2006-жылдын 2-мартында № 5/7, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Банктардын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага
З. Асанкожоева
Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы № 39/10 токтомуна тиркеме
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/7 "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде № 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 5/7 "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун 5.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"Банктын уюштуруучулары (акционерлери) уставдык капиталды алгач түзүү учуру сыяктуу эле, анын өлчөмүн кийинчерээк көбөйтүүдө да (дивиденддер аркылуу көбөйтүүсүн эске албаганда) банк-резиденттердин же банктык эсептеринен которуу аркылуу акча каражаттарын уставдык капиталга нак эмес формада гана ишке ашырууга милдеттүү. Уставдык капиталды алгач түзүү учуру сыяктуу эле, аны кийинки көбөйтүүдө акча каражаттарын уюштуруучулар (акционерлер) үчүн башка жактар тарабынан салынышына жол берилбейт. Карыз алуу келишинин алкагында алынган каражаттарды, кредиттерди же ага теңештирилген каражаттарды кошо алганда, уюштуруучунун (акционерлердин) каражаты Кыргыз Республикасына чет өлкө банктарынан (Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан туунду банктарды башкы банктар аркылуу капиталдаштыруусун эске албаганда) көтөрүлгөн учурда, анда мындай банктар "Sta№dart & Poor's" (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "ВВВ" категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөткө каралган кредиттик рейтингге же Moody's I№vestors Servise (АКШ) боюнча "Ваа" категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөткө каралган кредиттик рейтингге же Fitch-IBCA "ВВВ" категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөткө каралган кредиттик рейтингге же Capital I№tellige№ce, Japa№ Credit Rati№g Age№cy (JCR), Domi№io№ Bo№d Rati№g Service (DBRS), Rati№g & I№vestme№t I№formatio№ (R&I) рейтингдик агенттиктери тарабынан жогорудагыларга барабар ыйгарылган, же болбосо, которуучу банк жайгашкан өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарында аккредитацияланган жана коюлган рейтинги которуучу банк жайгашкан өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан таанылган улуттук рейтингдик агенттиктери тарабынан жогорудагыларга барабар ыйгарылган кредиттик рейтингге ээ болууга тийиш. Ушул пункттун максаттарына жетишүү үчүн:
1) Чет өлкө банктары дегенден улам, банктар - жөнөтүүчүлөрдү гана түшүнүү зарыл. Банк-корреспонденттер (транзиттик банктар, ортомчу банктар бул аныктамага кирбейт).
2) Карыз алуу келишиминде карыздык каражаттар банктын акцияларын сатып алуу үчүн гана каралган деп көрсөтүлүүгө тийиш.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 08.06.2017 · № 2017-П-12/23-1-(НПА)
- Положение о лицензировании деятельности банков (утверждено постановлением Правления Нацбанка КР от 2 марта 2006 года № 5/7)Положение · 02.03.2006 · № 5/7 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) токтому менен бекитилген)Положение · 08.06.2017 · № 2017-П-12/23-1-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 08.06.2017 · № 2017-П-12/23-1-(НПА)
- Постановление Правления Нацбанка КР от 2 марта 2006 года № 5/7 "Об утверждении Положения о лицензировании деятельности банков"Постановление · 02.03.2006 · № 5/7 · Күчүн жоготкон
- Положение о лицензировании деятельности банков (утверждено постановлением Правления Нацбанка КР от 2 марта 2006 года № 5/7)Положение · 02.03.2006 · № 5/7 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.