# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/18 "«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» " токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/18 "«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» " токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10/18
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302634>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-446/edition/435392/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302634.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/18 "«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» " токтому (28.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302634

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/18 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Мыйзамынын 43-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө» Жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Юридика башкармалыгы бул токтом расмий жарыялангандан кийин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

4. Бул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө» жобонун нормалары Автоматташтырылган тоорук системасы өнөр жайлык пайдаланууга киргизилгенден тартып колдоно тургандыгы белгиленсин.

6. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.

Төрага

З. Асанкожоева
