# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2013-жылдын 13-февралындагы № 4/3 ""Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2013-жылдын 13-февралындагы № 4/3 ""Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4/3
- Кабыл алынган күнү: 13.02.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302627>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-442/edition/506893/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302627.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2013-жылдын 13-февралындагы № 4/3 ""Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"" токтому (13.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302627

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 13-февралы № 4/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын "Кыргыз Республикасынын кээ бир Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык келтирүү максатында жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын кийинки токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 25-майында кабыл алынган, № 15/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 26-июнунда 70-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн "Кыргыз Республикасында ссуда-сактык туракжай-курулуш кассаларын лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобо";

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 6-сентябрында кабыл алынган, № 25/3 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 2-октябрында 102-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн "Кыргыз Республикасында ссуда-сактык туракжай-курулуш кассалары жөнүндө убактылуу жобо".

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Юридика башкармалыгы:

- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төраганын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.

Төрага

З. Асанкожоева
