# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/9 ""Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/9 ""Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10/9
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302618>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-437/edition/896870/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302618.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/9 ""Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому (23.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302618

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ

2013-жылдын 28-марты № 10/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 26-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 2-майында 27-08 номеринде каттоодон өткөрүлгөн № 13/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө" убактылуу жобо ушул токтомдун 6-пунктуна ылайык "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө" жобонун нормалары колдонууга киргизилген күндөн тартып күчүн жоготкон катары таанылсын.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Юридика башкармалыгы бул токтом расмий жарыялангандан кийин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

6. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө" жобонун нормалары Автоматташтырылган тоорук системасы өнөр жайлык пайдаланууга киргизилгенден тартып колдонула тургандыгы белгиленсин.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 23-майындагы № 2018-П-15/18-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

7. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.

Төрага

З. Асанкожоева
