# КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 ""Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 ""Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9/10
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302605>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-429/edition/524728/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302605.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 ""Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому (27.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302605

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 27-марты № 9/10 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун долбоорун карап көрүү менен ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун долбоору бекитилсин.

2. Юридика башкармалыгы:

- бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяласын;

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары жана банктык эмес финансы-кредит мекемелери ички ченемдик актыларын токтом күчүнө киргенден кийинки үч ай ичинде ага ылайык келтиришсин.

5. Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, банктык эмес финансы-кредит мекемелерин жана Улуттук банктын областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары айым, Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.

Төрага

З. Асанкожоева
