Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 12-декабры № 48/10 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25, 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ), 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 19-майындагы № 12/5 "Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы" ЖЧКсына кредиттик союздардын катышуучулары менен финансылык ижара (лизинг) боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга укук берүү жөнүндө" токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.
3. Юридика башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду, расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен адистештирилген финансы-кредит мекемеси "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсын тааныштырсын.
5. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага
З. Асанкожоева
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкБашкармасынын 2012-жылдын 12-декабрындагы № 48/10 токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25, 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ), 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1 (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/25 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 6-июнунда 73-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 12/2 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелерине" төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Эрежелердин 3-бөлүгүнүн 3.1.3-пунктунун:
- биринчи сүйлөмдөгү "Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы" ЖЧКсы" деген сөздөр "Адистештирилген финансы-кредиттик мекеме "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы (мындан ары - КСФК)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи сүйлөмдөгү "Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы" ЖЧКсы" деген сөздөр "КСФК" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) Эрежелердин 5-бөлүгүнүн 5.2.4-пунктундагы "Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы" ЖЧКсы" деген сөздөр "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы (мындан ары - КСФК)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 11-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 7-августунда 78-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 34/3 токтом менен бекитилген "Кредиттик регистр жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жобонун кириш сөзүнүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Ушул Жобонун талаптары, Улуттук банктан лицензия алышкан бардык коммерциялык банктарга, "Адистештирилген финансы-кредиттик мекеме "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсына (мындан ары - КСФК) жана микрофинансалык компанияларга (МФК), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылат.";
2) Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.1-пунктунун:
- экинчи абзацындагы "коммерциялык банктар, ЭСК, "Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы" тарабынан берилген" деген сөздөр "коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, ЭСК, КСФК тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасында өз ишин жүзөгө ашырган коммерциялык банктар, ошондой эле "ЭСК" ААКсы, Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы" ЖЧКсы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүзөгө ашырган бардык коммерциялык банктар жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, ошондой эле КСФК" деген сөздөргө алмаштырылсын."
5. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 токтому менен бекитилген "Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.1-пунктундагы "Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы" деген сөздөр "Адистештирилген финансы-кредиттик мекеме "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы (мындан ары - КСФК)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.1-пунктунун экинчи сүйлөмүндөгү "Улуттук банктан лицензия алышкан" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" деген сөздөр менен толукталсын.
8. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/10 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомго карата тиркемеге төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
тиркеменин 1-пунктунун ж) пунктчасындагы "12.7-пунктундагы" деген сөздөр "13.7-пунктундагы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 94-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 18/2 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
Нускоонун 1.1-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Бул нускоонун талабы ошондой эле "Адистештирилген финансы-кредиттик мекеме "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы " ААКсына да, капиталдын түзүмүн аныктоо, капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмүн жана капиталдын шайкештик коэффициенттерин эсептөө тартибин жана баланстык активдерге жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерге тобокелдик деңгээли боюнча баа берүүдө таркатылат" таркатылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 14 · байланышкандар: 9
Цитата келтиргендер (14)
- Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармаcынын 2006-жылдын 23-мартындагы № 7/5 токтому менен…Положение · 23.03.2006 · № 7/5
- ПОЛОЖЕНИЕ о кредитном регистре ( Утвержденное постановлением Правления Национального банка Кыргызской Республики от 11 июля 2007 года № 34/3)Положение · 11.07.2007 · № 34/3
- "Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу" эрежелери (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы N 14/2 токтому менен…Правила · 04.05.2005 · № 14/2
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) "Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук…Постановление · 17.08.2022 · № 2022-П-33/52-2-(НФКУ)
- КР БШК 2015-жылдын 28-октябры № 64/7 "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 23.12.2015 · № 78/25
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50\7 токтому менен бекитилген "Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу…Положение · 23.12.2009 · № 50/7
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" Жобосу (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын 2005-жылдын 19-мартындагы N 6/2 токтому…Положение · 19.03.2005 · № 6/2
- Инструкция по определению стандартов адекватности капитала коммерческих банков Кыргызской Республики(утверждена постановлением Правления Национального банка Кыргызской Республики…Инструкция · 21.07.2004 · № 18/2
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 31-октябры № 41/10 токтому "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 31.10.2012 · № 41/10
- Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө НУСКОО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-мартындагы № 13/13 токтому менен…Инструкция · 14.03.2007 · № 13/13 · Күчүн жоготкон
- Положение о лицензировании кредитных союзов (Утверждено постановлением Правления Национального банка Кыргызской Республики от 4 мая 2005 года № 14/3)Положение · 04.05.2005 · № 14/3 · Күчүн жоготкон
- О мерах воздействия, применяемых к небанковским финансово-кредитным организациям и другим юридическим лицам, поднадзорным Национальному банку Кыргызской РеспубликиПостановление · 23.12.2020 · № 2020-П-33/73-12-(НФКУ)
- Об утверждении Инструкции по определению стандартов достаточности (адекватности) капитала коммерческих банков Кыргызской РеспубликиПостановление · 12.10.2022 · № 2022-П-12/63-1-(НПА)
- "О внесении изменений в некоторые нормативные правовые акты Национального банка Кыргызской Республики"Постановление · 22.01.2025 · № 2025-П-12/2-3-(НФКУ)
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) "Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук…Постановление · 17.08.2022 · № 2022-П-33/52-2-(НФКУ)
- КР БШК 2015-жылдын 28-октябры № 64/7 "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 23.12.2015 · № 78/25
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 "Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө…Постановление · 23.12.2009 · № 50/7
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 31-октябры № 41/10 токтому "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 31.10.2012 · № 41/10
- О мерах воздействия, применяемых к небанковским финансово-кредитным организациям и другим юридическим лицам, поднадзорным Национальному банку Кыргызской РеспубликиПостановление · 23.12.2020 · № 2020-П-33/73-12-(НФКУ)
Байланышкан документтер (9)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды…Инструкция · 28.12.2009 · № 51/4
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы № 14/2 "Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу Эрежелеринин жаңы редакциясы жөнүндө" токтомуПостановление · 04.05.2005 · № 14/2
- Постановление Правления Национального банка КР от 23 марта 2006 года № 7/5 "Об утверждении Положения "О мерах воздействия, применяемых к кредитным союзам"Постановление · 23.03.2006 · № 7/5
- Постановление Правления Национального Банка КР от 7 августа 2007 года № 34/3 Об утверждении Положения "О кредитном регистре"Постановление · 11.07.2007 · № 34/3
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы N 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү" жобону бекитүү…Постановление · 19.03.2005 · № 6/2
- Постановление Правления Нацбанка КР от 21 июля 2004 года № 18/2 "Об утверждении новой редакции Инструкции по определению стандартов адекватности капитала коммерческих банков…Постановление · 21.07.2004 · № 18/2
- 2015-жылдын 16-октябрында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдардын алдын…Закон · 26.07.2016 · № 143
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-мартындагы № 13/13 "Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү" Нускоо тууралуу…Постановление · 14.03.2007 · № 13/13 · Күчүн жоготкон