# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-октябрындагы № 40/1 " "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө" нускоону бекитүү жөнүндө токтотму"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-октябрындагы № 40/1 " "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө" нускоону бекитүү жөнүндө токтотму"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 40/1
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302540>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-405/edition/1115198/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302540.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-октябрындагы № 40/1 " "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө" нускоону бекитүү жөнүндө токтотму" (12.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302540

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 12-октябры № 40/1 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө" нускоону бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө" нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 2-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 6-мартында 22-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн "Ачык акционердик коом "Экобанк" тарабынан банк ишинин ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда каржылоодогу чектер тууралуу" нускоо жөнүндө" № 6/1 токтом күчүн жоготкон катары таанылсын.

3. Юридика башкармалыгы:

- бул токтом Улуттук банктын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары" журналында жарыялансын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.

Төрага үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасынын милдетин аткаруучу

З.Чокоев
