Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики от 17 августа 2022 года № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) "Об утверждении Инструкции "О проведении инспекторских проверок деятельности небанковских финансово-кредитных организаций и других юридических лиц, поднадзорных Национальному банку Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-17.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 4-июлу № 28/9 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Юридика Башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду, расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын облустук башкармалыктарды, микрофинансы компанияларды, кредиттик союздарды, алмашуу бюролорду тааныштырсын.
4. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары мырза Чокоевго З.Л. ыйгарылсын.
Төрага
З. Асанкожоева
Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/9 токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ТОЛУКТООЛОР
I. КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту
II. КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту III. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 14-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 20-апрелинде 44-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 13/13 токтом менен бекитилген "Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: Нускоо төмөнкү мазмундагы 4.6.-1.-пункт менен толукталсын: "Кредиттик союздардын жетекчилиги текшерүүлөр жүргүзүлүп жаткан учурда Улуттук банктын инспекторлор тобуна аудио/видео жабдуулар орнотулбаган, аудио/видео жазуулар ишке ашырылбаган өзүнчө жай менен камсыз кылууга, текшерүүчүлөр тобуна берилген жайга үчүнчү жактардын аудио/видео жабдууларын орнотуу аракеттерине бөгөт коюуга, кредиттик союздун жана текшерүүчүлөр тобунун документтеринин коопсуз сакталышын камсыз кылып, аларга ишин аткаруу үчүн зарыл болгон жабдууларды жана техникаларды берүүгө милдеттүү.". IV. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2000-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2000-жылдын 15-декабрында 201 номерде каттоодон өткөртүлгөн № 42/1 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: Жобо төмөнкү мазмундагы 7.3.-1.-пункт менен толукталсын: "Ыйгарым укуктуу банктардын алмашуу пункттары жана алмашуу бюролор Улуттук банк тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлгөн учурда текшерүүчүлөр тобуна аудио/видео жабдуулар орнотулбаган, аудио/видео жазуулар ишке ашырылбаган өзүнчө жай менен камсыз кылууга, текшерүүчүлөр тобуна берилген жайга үчүнчү жактардын аудио/видео жабдууларын орнотуу аракеттерине бөгөт коюуга, ыйгарым укуктуу банктардын алмашуу пункттары жана алмашуу бюролор, текшерүүчүлөр тобунун документтеринин коопсуз сакталышын камсыз кылып, текшерүүчүлөр тобуна ишин аткаруу үчүн зарыл болгон жабдууларды жана техникаларды берүүгө милдеттүү.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 6
Цитата келтиргендер (8)
- "Коммерциялык банктарды жана депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компанияларды консервациялоо жөнүндө" ЖОБО ( Кыргыз Республикасынын Улуттук банк…Положение · 23.09.2009 · № 38/3
- "Банкты тескөө боюнча убактылуу жетекчилик жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 30-сентябрындагы № 36/5 токтому менен бекитилген)Положение · 30.09.2008 · № 36/5
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августу № 2019-П-12/42-1-(НПА) "Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди…Постановление · 14.08.2019 · № 2019-П-12/42-1-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) "Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук…Постановление · 17.08.2022 · № 2022-П-33/52-2-(НФКУ)
- Положение о порядке проведения обменных операций с наличной иностранной валютой в Кыргызской Республике (утверждено постановлением Правления Нацбанка КР от 30 ноября 2000 года №…Положение · 30.11.2000 · № 42/1
- КР Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) "Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана…Постановление · 15.06.2017 · № 2017-П-12/25-12-(НПА)
- Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө НУСКОО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-мартындагы № 13/13 токтому менен…Инструкция · 14.03.2007 · № 13/13 · Күчүн жоготкон
- "Об утверждении Положения "О Временной администрации"Постановление · 08.06.2017 · № 2017-П-12/23-8-(НПА)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) "Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук…Постановление · 17.08.2022 · № 2022-П-33/52-2-(НФКУ)
- КР Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) "Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана…Постановление · 15.06.2017 · № 2017-П-12/25-12-(НПА)
Байланышкан документтер (6)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелер (2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген)Правила · 15.07.2009 · № 30/6
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылдын 23-сентябры № 38/3 " "Коммерциялык банктарды жана депозиттерди тартуучу микрофинансылык компанияларды консервациялоо жөнүндө"…Постановление · 23.09.2009 · № 38-3
- Постановление Правления Нацбанка КР от 30 ноября 2000 года № 42/1 "Об утверждении Положения о порядке проведения обменных операций с наличной иностранной валютой в Кыргызской…Постановление · 30.11.2000 · № 42/1
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын "Банкты тескөө боюнча убактылуу жетекчилик жөнүндө" жобо тууралуу токтомуПостановление · 30.09.2008 · № 36/5 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-мартындагы № 13/13 "Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөгү" Нускоо тууралуу…Постановление · 14.03.2007 · № 13/13 · Күчүн жоготкон