# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/8 "Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/8 "Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28/8
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302509>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-382/edition/437996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302509.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/8 "Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу (04.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302509

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 4-июлу № 28/8 "Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоосу (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Юридика Башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду, расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияны тааныштырсын.

4. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары мырза Чокоевго З.Л. ыйгарылсын.

Төрага

З.Асанкожоева
