# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин" бекитүү жөнүндө токтому"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин" бекитүү жөнүндө токтому"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28/7
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302507>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-381/edition/438152/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302507.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин" бекитүү жөнүндө токтому" (04.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302507

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 4-июлу № 28/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин" бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алып, иши ал тарабынан жөнгө салынган, коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелердин күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартиби бекитилсин (кошо тиркелет).

2. Юридикалык Башкармалыгы:

- бул токтом Улуттук банктын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары" журналында жарыялансын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Токтом расмий жарыялангандан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясын, Кыргызстан кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук биримдигин, Кыргызстандагы кредиттик союздардын жана кооперативдердин ассоциациясын "Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы" ЖЧКсын тааныштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.

Төрага

З.Асанкожоева
