Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/11 «Кыргыз Республикасында Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу электрондук төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө» нускоо тууралуу» токтомуна толуктоону киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 30-марты № 14/13 Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/11 "Кыргыз Республикасында Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу электрондук төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоо тууралуу" токтомуна толуктоону киргизүү тууралуу" Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 27-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 1-июлунда 65-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 25/11 "Кыргыз Республикасында Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу электрондук төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоо тууралуу" токтомго сунуш кылынган толуктоону карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 27-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 1-июлунда 65-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 25/11 "Кыргыз Республикасында Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу электрондук төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоо тууралуу" токтомго сунуш кылынган толуктоо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыналыгына, Мамлекеттер аралык банкка, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, областтык башкармалыктарына жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.
Төрага
З.Асанкожоева
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 30-мартындагы № 14/13 токтомуна карата тиркеме
"Кыргыз Республикасында Айкын убакыт ыргагында
эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу электрондук
төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоого
ТОЛУКТОО
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 27-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 1-июлунда 65-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 25/11 токтом менен бекитилген, "Кыргыз Республикасында Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу электрондук төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1. Нускоонун "Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын иш регламенти" деп аталган 3.1-пункту, төмөнкү редакциядагы 3.1.6-пункт менен толукталсын:
"3.1.6. Кандайдыр бир себептерден улам, системанын катышуучулары:
1) баштапкы өчүрүү мезгилин узарткан шартта, мында:
- узартуу убактысы толук өчүрүү убактысынан ашпаган болсо, анда системанын кийинки эсептешүү мезгилдери системанын иш регламентине ылайык жүргүзүлөт;
- баштапкы өчүрүү мезгилин узартуу убактысы толук өчүрүү убактысынан ашып кетсе, анда толук өчүрүү мезгили баштапкы өчүрүү мезгили келип жеткен учурдан тартып 20 мүнөткө, ал эми эсептешүүлөрдү аяктоо мезгили, толук өчүрүү мезгили келип жеткен учурдан тартып 10 мүнөткө узартылат;
2) толук өчүрүү убактысы, мында:
- узартуу убактысы эсептешүүлөрдү аяктоо мезгили келип жеткен убакыттан ашпаса, анда эсептешүүлөрдү аяктоо системанын иш регламентине ылайык жүргүзүлөт;
- толук өчүрүү мезгилин узартуу убактысы эсептешүүлөрдү аяктоо мезгили келип жеткен убакыттан ашып кете турган болсо, анда эсептешүүлөрдү аяктоо толук өчүрүү мезгили келип жеткен учурдан тартып 10 мүнөткө узартылат".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/11 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн…Инструкция · 27.05.2009 · № 25/11
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын 2009-жылдын 27-майынын № 25/11 Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында…Постановление · 27.05.2009 · № 25/11
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон