Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/2 токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОКТОМУ 2011-жылдын 31-октябры № 62/4 Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/2 токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ кылат:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/2 токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан кийин бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"КР Улуттук банкынын Ченемдик актылары" журналында № 11/2011 жарыяланды
3. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акт жарыялангандан кийин Юридика башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөлдүк башкармалыгы бул токтом менен микрофинансылык компанияларды тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын төрагасы
Асанкожоева З.М.
Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 31-октябрындагы № 62/4 токтому менен бекитилген
Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында номер 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Убактылуу эреженин 5.7-пунктунун 5.7.1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
"5.7.1. Аффилирленген жактар, анын ичинде инсайдерлерден болуп саналышкандар менен операциялар боюнча, аффилирленген жактардын МФК алдында чогуу алгандагы карызынын өлчөмү катары туюндурулган тобокелдиктин максималдуу өлчөмү МФКлардын чогуу алгандагы капиталынын 60% ашпоого тийиш. Кызматкерлерге керектөө багытына берилген кредиттер боюнча операцияларды эске албаганда, инсайдерлер менен операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.".
2. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган МФКлар үчүн экономикалык ченемдерди аткаруунун формасы" тиркемеси, төмөнкү мазмундагы жаңы сап менен толукталсын:
"
| Экономикалык ченемдердин аталышы | Белги- лөөлөр | Ченемди эсептөө формуласы | Ченемдин айкын мааниси | Ченемдин белги- ленген мааниси | Белгиленген ченемден четтөөлөр |
|---|---|---|---|---|---|
| Аффилирленген жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү | ├───────────┤ | СЗА(*) 100% чекте СК | 60% ашпаган |
".
3. Тиркеме төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"АЧК - аффилирленген жактардын чогуу алгандагы карызы.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Постановление правления Национального банка КР от 19 февраля 2003 года №4/2 "О "Временных правилах регулирования деятельности микрофинансовых компаний на территории Кыргызской…Постановление · 19.02.2003 · № 4/2
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон