Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Убактылуу жетекчилик, консервация жана банкроттоо жол-жобосун киргизүү учурунда Кыргыз Республикасынын банктарында айрым банктык жана төлөм операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобо тууралуу токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 26-октябры № 60/7 "Убактылуу жетекчилик, консервация жана банкроттоо жол-жобосун киргизүү учурунда Кыргыз Республикасынын банктарында айрым банктык жана төлөм операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Убактылуу жетекчилик, консервация жана банкроттоо жол-жобосун киргизүү учурунда Кыргыз Республикасынын банктарында айрым банктык жана төлөм операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 24-августундагы № 48/11 "Консервация жана банкроттоо жол-жобосу киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын банктарынын айрым банк жана төлөм операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом Улуттук банктын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары" журналында жарыялансын.
4. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Юридика башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Улуттук банктын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага
З.Асанкожоева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу жетекчилик, консервация жана банкроттоо жол-жоболорун киргизүү учурунда айрым банктык жана төлөм операцияларын жүргүзүү тартиби…Положение · 26.10.2011 · № 60/7
- "Об утверждении Положения "О порядке проведения отдельных банковских операций банками Кыргызской Республики в случае введения режима Временной администрации или начала процедуры…Постановление · 15.06.2017 · № 2017-П-12/25-9-(НПА)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу жетекчилик, консервация жана банкроттоо жол-жоболорун киргизүү учурунда айрым банктык жана төлөм операцияларын жүргүзүү тартиби…Положение · 26.10.2011 · № 60/7
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон