# Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 14-сентябрындагы №52/4" Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө токтому"

- Толук аталышы: Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 14-сентябрындагы №52/4" Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө токтому"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 52/4
- Кабыл алынган күнү: 14.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302419>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-358/edition/440938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302419.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 14-сентябрындагы №52/4" Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө токтому" (14.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302419

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 14-сентябры № 52/4 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган "Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 93-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 18/1 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобого сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.

3. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/2 токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын аймагындагы микро-финансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине сунуш кылынган толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.

4. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 27-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 27-апрелинде 53-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 6/5 "Баалуу кагаздар менен иш алып барууда банктарга карата коюлган талаптар жөнүндө" токтом күчүн жоготкон катары таанылсын.

5. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

6. Юридика башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

7. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды жана микро-финансылык компанияларды тааныштырсын.

8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.

Төрага

З.Асанкожоева

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР

I. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 93-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 18/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жобону" бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Жобонун киришүү бөлүгү:

- "11. Башка мамлекеттердин баалуу кагаздарына жана мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарына инвестициялардын өлчөмү" деген сөздөр менен толукталсын;

- 11-13 сандары тиешелүүлүгүнө жараша, 12-14 деп оңдолсун.

2. Жобо, төмөнкү мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:

"11. Башка мамлекеттердин баалуу кагаздарына жана мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарына инвестициялардын өлчөмү;

11.1. Банктын Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна (ОЭСР) мүчө болгон мамлекеттердин өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын баалуу кагаздарына банктын инвестицияларынын жалпы өлчөмүнүн анын таза суммардык капиталынын 100% өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

11.2. Банктын мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестицияларынын жалпы өлчөмү анын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш.".

3. Жобонун 11-13-бөлүктөрү, тиешелүүлүгүнө жараша 12-14-6өлүк катары эсептелинсин.

4. Жобонун В бөлүгү. Улуттук банктын талаптарын аткаруу жөнүндө отчетко карата 1-тиркеме төмөнкү мазмундагы жаңы саптар менен толукталсын:

"

| Белгилөөлөр | Айкын мааниси | Белгиленген мааниси |
| --- | --- | --- |
| Башка мамлекеттердин өкмөттөрүнүн жана Борбордук банктарынын баалуу кагаздарына инвестициялардын жалпы өлчөмү |  | ТСКнын 100% ашпаган өлчөмдө |
| Банктын мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестицияларынын жалпы өлчөмү |  | ТСКнын 50% ашпаган өлчөмдө |

жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/2 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы микро-финансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелери жөнүндө" токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын аймагындагы микро-финансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 5-бөлүк төмөнкү мазмундагы 5.9-пункт менен толукталсын:

"5.9. Башка мамлекеттердин баалуу кагаздарына жана мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын өлчөмү

5.9.1. Микро-финансылык компания (МФК) тарабынан башка мамлекеттердин өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын баалуу кагаздарын сатылып алынышы, алар Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмуна (ОЭСР)(1) мүчө өлкө болуп саналган шартта гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн, мында инвестициялардын жалпы өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 100% ашпоого тийиш".

5.9.2. МФКнын мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестицияларынын жалпы өлчөмү анын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш.".

2. "Улуттук банктан лицензия алышкан МФК үчүн белгиленген экономикалык ченемдердин аткарылышы боюнча форма" деп аталган тиркеме төмөнкү мазмундагы жаңы саптар менен толукталсын:

"

| Экономикалык ченемдердин аталышы | Белгилөөлөр | Ченем- дерди эсептөө- лөр | Ченем- дердин айкын мааниси | Ченемдер- дин белги- ленген мааниси | Белгиленген ченемдерден четтөөлөр |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| Башка мамле- кеттердин өкмөттөрүнүн жана борбор- дук банктары- нын баалуу кагаздарына инвестиция- лардын жалпы өлчөмү |  | СИ\*100% СК |  | 100% ашпаган өлчөмдө |  |
| Мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестиция- лардын жалпы өлчөмү |  | СИ\*100% СК |  | 50% ашпаган өлчөмдө |  |

". Эскертүү: (1)Австралия, Австрия, Бельгия, Улуубритания, Германия, Греция, Дания, Ирландия, Исландия, Испания, Италия, Канада, Люксембург, Мексика, Нидерландия, Зеландия, Норвегия, Португалия, Америка Кошмо Штаты, Турция, Финляндия, Франция, Швеция, Швейцария, Япония, Чехия, Венгрия, Корея, Польша, Словакия Республикасы.
