# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 10-августундагы № 44/3 "Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы № 95/4 "Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу жөнүндө" нускоо тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 10-августундагы № 44/3 "Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы № 95/4 "Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу жөнүндө" нускоо тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 44/3
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302416>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-355/edition/437767/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302416.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 10-августундагы № 44/3 "Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы № 95/4 "Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу жөнүндө" нускоо тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (10.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302416

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 10-августу № 44/3 Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы № 95/4 "Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу жөнүндө" нускоо тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 18 жана 43-статьяларына ылайык, Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ кылат:

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы № 95/4 "Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу жөнүндө" нускоо тууралуу токтомуна сунуш кылынган толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин.

2. Токтом расмий жарыялангандан кийин 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3. Юридика башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

4. Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерин, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын төрагасы

З.Асанкожоева

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 10-августундагы № токтому менен бекитилген

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы № 95/4 "Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу жөнүндө" нускоо тууралуу токтомуна карата ТОЛУКТООЛОР

Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы № 95/4 "Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу жөнүндө" нускоо тууралуу токтому менен бекитилген "Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу жөнүндө" нускоого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. Нускоонун 7-пункту төмөнкү мазмундагы 2-абзац менен толукталсын:

"Сунуш кылынган детекторлор жана приборлор:

1. Чоңойтуп көрсөтүүчү айнек (кеминде 10 эсе чоңойтуп көрсөтүүгө жөндөмдүү);

2. Жарыкка салып караганда банкноттун аныктыгын текшере алган прибор;

3. Ультра күлгүн жарыктын булагы;

4. Ченегич сызгыч;

5. Инфра кызыл нурдун чагылышында байкалган коргоо белгилерди текшерүү үчүн прибор.".

2. Нускоонун 8-пунктундагы "банктар" деген сөздөн кийин "депозиттерди тартууга лицензиясы бар финансы-кредит мекемелеринин" деген сөздөр менен толукталсын.
