# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 " "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтому"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 " "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтому"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 40/4
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302412>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-352/edition/635698/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302412.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 " "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтому" (27.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302412

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 27-июлу № 40/4 "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы № 42/2 токтому менен бекитилген "Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобо күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Токтом 2011-жылдын 1-сентябрдан тартып күчүнө кирет.

4. Юридика башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

5. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы ушул токтом менен алмашуу бюролорун тааныштырсын.

6. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Б.Ж.Жеенбаева айымга жүктөлсүн.

Төрага

З.Асанкожоева
