# КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-майындагы № 30/2 "Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 19-сентябрындагы № 42/4 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-майындагы № 30/2 "Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 19-сентябрындагы № 42/4 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30/2
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302409>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-349/edition/440404/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302409.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-майындагы № 30/2 "Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 19-сентябрындагы № 42/4 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (26.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302409

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 26-майы № 30/2 Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 19-сентябрындагы № 42/4 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7- жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 19-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 26-октябрында 102-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 42/4 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Юридикалык бөлүм, токтом расмий жарыялангандан кийин аны Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.

Төрага

Б.Жеенбаева
