Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 19-сентябрындагы № 42/4 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүү тартиби жөнүндө» жобонун жаңы редакциясы тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 26-майы № 30/2 Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 19-сентябрындагы № 42/4 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7- жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 19-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 26-октябрында 102-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 42/4 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм, токтом расмий жарыялангандан кийин аны Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Төрага
Б.Жеенбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- ПОЛОЖЕНИЕ о порядке проведения аукциона по размещению государственных казначейских векселей Кыргызской Республики через НБКР (утверждено постановлением Правления Нацбанка КР от…Положение · 19.09.2007 · № 42/4 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВЛЕНИЯ НАЦБАНКА КР от 19 сентября 2007 года N 42/4 "О новой редакции Положения "О порядке проведения аукциона по размещению государственных казначейских векселей…Постановление · 19.09.2007 · № 42/4
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- ПОЛОЖЕНИЕ о порядке проведения аукциона по размещению государственных казначейских векселей Кыргызской Республики через НБКР (утверждено постановлением Правления Нацбанка КР от…Положение · 19.09.2007 · № 42/4 · Күчүн жоготкон