# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-январындагы № 4/12 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 токтому менен бекитилген "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу Эрежелерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-январындагы № 4/12 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 токтому менен бекитилген "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу Эрежелерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4/12
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302400>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-341/edition/1094689/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302400.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-январындагы № 4/12 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 токтому менен бекитилген "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу Эрежелерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому" (15.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302400

---

КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 26-январы № 4/12 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 токтому менен бекитилген "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу Эрежелерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/8 "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу Эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын ишин жөнгө салуу Эрежелерине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- Эреженин 2.1.2-пунктунун үчүнчү абзацы "Улуттук банктын өзүнчө депозиттик эсебинде турган акча каражаттары менен камсыз болгон кредиттерге" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каражаттары аркылуу банк тарабынан алынган кредиттерге" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Токтом, расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Юридикалык бөлүм ушул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен "Банктарды рефинансылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсын тааныштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Улуттук банктын Төрагасынын орун басары С.Абдыбалы тегин мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төрагасынын милдетин аткаруучу

Б.Жеенбаева
