Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынган «Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелери жөнүндө» токтомго өзгөртүү киргизүү тууралуу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 29-сентябры № 75/14 Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/2 "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелери жөнүндө" токтомго өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 4/2 "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелери жөнүндө" токтомго сунуш кылынган төмөнкүдөй өзгөртүү бекитилсин:
- 2-главанын 2.4.1-пунктундагы "өз ишин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын же күбөлүгүн негизинде жүзөгө ашырган" деген сөздөр алынып салынсын.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2010-жылдын 26-октябрында № 100 жарыяланды
3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен микрофинансылык компанияларды тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу А.А.Мырзаев мырзага жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу
Б.Жээнбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Постановление правления Национального банка КР от 19 февраля 2003 года №4/2 "О "Временных правилах регулирования деятельности микрофинансовых компаний на территории Кыргызской…Постановление · 19.02.2003 · № 4/2
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.