Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү тууралуу токтиому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 16-декабры № 91/7 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү тууралуу (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА), 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 29-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 1-февралында 16-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 36/13 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталыш тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтомго сунуш кылынган толуктоо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту).
3. Улуттук банк Башкармасынын тарабынан 2009-жылдын 14-октябрында кабыл алынган № 41/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө" нускоо тууралуу" токтомго сунуш кылынган толуктоо (кошо тиркелет) бекитилсин.
4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Юридикалык бөлүм расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
7. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу А.А.Мырзаевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төрагасынын милдетин аткаруучу
Б.Жеенбаева
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/7 токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ТОЛУКТООЛОР
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 29-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 1-февралында 16-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 36/13 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө" нускоого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 5-бөлүк төмөнкү мазмундагы 5.5-5.7-пункттар менен толукталсын:
"5.5. Эгерде форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышынан улам, ачык валюта позицияларынын лимиттерин бузууга жол берилген болсо, эрежедегидей эле анда, акчалай айыптык төлөмдү өндүрүү түрүндө санкциялар банкка карата колдонулбайт. Форс-мажордук жагдайларга: бөөдө кырсыктар (суу ташкыны, жер титирөө, өрттүн чыгышы жана башка жаратылыш же техногендик кырсыктар), согуштук жаңжалдар, террористтик актылар, элдик толкундоолор жана баш аламандыктар, ошондой эле Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин банк тарабынан аткарылышына кедергисин тийгизген же алардын аткарылышына чек коюп, тыюу салган кандайдыр бир ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы.
5.6. Банкта убактылуу жетекчилик же консервация режими аракеттенип турган учурда Көзөмөл боюнча комитет ачык валюта позицияларынын белгиленген лимиттерин сактабагандыгы үчүн банктан акчалай айыптык төлөмдү өндүрүүнүн максатка ылайыктуулугун кароого укуктуу. Албетте мында, мына ушул экономикалык ченемдин бузулушуна алып келген бардык жагдайлар да эске алынат.
5.7. Эгерде банкта убактылуу жетекчилик же консервация режими аракеттенип турган учурда ачык валюта позицияларынын лимиттерин бузууга жол берүү, убактылуу жетекчилик/консервация киргизилгенге чейинки банк ишинин натыйжасынан болсо, Көзөмөл боюнча комитет банктан акчалай айыптык төлөмдү өндүрүү маселесин, аны төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу менен кароого укуктуу.".
2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 2-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 6-мартында 24-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 6/3 "Ислам каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды эске алуу менен "Экобанк" ачык акционердик коомунда ачык валюта позицияларынын лимиттерин эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу" нускоо жөнүндө" токтом менен бекитилген "Ислам каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды эске алуу менен "Экобанк" ачык акционердик коомунда ачык валюта позицияларынын лимиттерин эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу" нускоого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 5-бөлүк төмөнкү мазмундагы 5.5-5.7-пункттар менен толукталсын:
"5.5. Эгерде форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышынан улам, ачык валюта позицияларынын лимиттерин бузууга жол берилген болсо, эрежедегидей эле анда, акчалай айыптык төлөмдү өндүрүү түрүндө санкциялар банкка карата колдонулбайт. Форс-мажордук жагдайларга: бөөдө кырсыктар (суу ташкыны, жер титирөө, өрттүн чыгышы жана башка жаратылыш же техногендик кырсыктар), согуштук жаңжалдар, террористтик актылар, элдик толкундоолор жана баш аламандыктар, ошондой эле Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин банк тарабынан аткарылышына кедергисин тийгизген же алардын аткарылышына чек коюп, тыюу салган кандайдыр бир ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы.
5.6. Банкта убактылуу жетекчилик же консервация режими аракеттенип турган учурда Көзөмөл боюнча комитет ачык валюта позицияларынын белгиленген лимиттерин сактабагандыгы үчүн банктан акчалай айыптык төлөмдү өндүрүүнүн максатка ылайыктуулугун кароого укуктуу. Албетте мында, мына ушул экономикалык ченемдин бузулушуна алып келген бардык жагдайлар да эске алынат.
5.7. Эгерде банкта убактылуу жетекчилик же консервация режими аракеттенип турган учурда ачык валюта позицияларынын лимиттерин бузууга жол берүү, убактылуу жетекчилик/консервация киргизилгенге чейинки банк ишинин натыйжасынан болсо, Көзөмөл боюнча комитет аны төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу менен банктан акчалай айыптык төлөмдү өндүрүү маселесин кароого укуктуу.".
3. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 14-октябрында кабыл алынган № 41/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө" нускоо тууралуу" токтом менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө" нускоого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 5-бөлүк төмөнкү мазмундагы 5.5-5.7-пункттар менен толукталсын:
"5.5. Эгерде форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышынан улам, ачык валюта позицияларынын лимиттерин бузууга жол берилген болсо, эрежедегидей эле анда, акчалай айыптык төлөмдү өндүрүү түрүндө санкциялар банкка карата колдонулбайт. Форс-мажордук жагдайларга: бөөдө кырсыктар (суу ташкыны, жер титирөө, өрттүн чыгышы жана башка жаратылыш же техногендик кырсыктар), согуштук жаңжалдар, террористтик актылар, элдик толкундоолор жана баш аламандыктар, ошондой эле Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин банк тарабынан аткарылышына кедергисин тийгизген же алардын аткарылышына чек коюп, тыюу салган кандайдыр бир ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы.
5.6. Банкта убактылуу жетекчилик же консервация режими аракеттенип турган учурда Көзөмөл боюнча комитет ачык валюта позицияларынын белгиленген лимиттерин сактабагандыгы үчүн банктан акчалай айыптык төлөмдү өндүрүүнүн максатка ылайыктуулугун кароого укуктуу. Албетте мында, мына ушул экономикалык ченемдин бузулушуна алып келген бардык жагдайлар да эске алынат.
5.7. Эгерде банкта убактылуу жетекчилик же консервация режими аракеттенип турган учурда ачык валюта позицияларынын лимиттерин бузууга жол берүү, убактылуу жетекчилик/консервация киргизилгенге чейинки банк ишинин натыйжасынан болсо, Көзөмөл боюнча комитет аны төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу менен банктан акчалай айыптык төлөмдү өндүрүү маселесин кароого укуктуу.".
4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- Улуттук Банк Башкармасынын 2007-жылдын 2-февралындагы 6/3 токтому менен бекитилген Каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды эске алуу менен…Инструкция · 02.02.2007 · № 6/3
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009 жылдын 14-октябрындагы № 41/4 токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу…Инструкция · 14.10.2009 · № 41/4
- ИНСТРУКЦИЯ "О порядке соблюдения лимитов открытой валютной позиции и открытой позиции в драгоценных металлах коммерческими банками на территории Кыргызской Республики"…Инструкция · 29.12.2004 · № 36/13
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым…Постановление · 15.06.2017 · № 2017-П-12/25-4-(НПА)
- КР Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) "Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана…Постановление · 15.06.2017 · № 2017-П-12/25-12-(НПА)
- Положение о мерах воздействия, применяемых к банкам и некоторым другим финансово-кредитным учреждениям, лицензируемым Национальным банком Кыргызской Республики (утверждено…Положение · 19.05.2005 · № 16/2 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым…Постановление · 15.06.2017 · № 2017-П-12/25-4-(НПА)
- Постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики от 29 декабря 2004 года № 36/13 "Об утверждении Инструкции "О порядке соблюдения лимитов открытой валютной…Постановление · 29.12.2004 · № 36/13
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2009-жылдын 14-октябры № 41/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү…Постановление · 14.10.2009 · № 41/4
- КР Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) "Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана…Постановление · 15.06.2017 · № 2017-П-12/25-12-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2007-жылдын 2-февралындагы № 6/3 "Каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды эске алуу менен…Постановление · 02.02.2007 · № 6/3 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правления Национального банка от 19 мая 2005 года №16/2 "Об утверждении Положения "О мерах воздействия, применяемых к банкам и некоторым другим финансово-кредитным…Постановление · 19.05.2005 · № 16/2 · Күчүн жоготкон