Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 16-декабры № 91/5 Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7- жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна сунуш кылынган толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридикалык бөлүм расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу А.А.Мырзаевге жүктөлсүн.
Улуттук банктын Төрагасынын милдетин аткаруучу
Б.Жеенбаева
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2010-жылдын 12-мартында кабыл алынган № 6/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр жана ТОЛУКТООЛОР
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2010-жылдын 12-мартында кабыл алынган № 6/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр толуктоолор киргизилсин:
1. Жобонун "Жалпы жоболор" деп аталган 1-бөлүгүндө:
- Жобонун биринчи пунктунун биринчи абзацы "Банктарды рефинансылоонунун атайын фонду" (мындан ары текст боюнча - банк) деген сөздөрдөн кийин ", банктык топтун башкы компаниясы(*)" деген сөздөр менен толукталсын;
(*) Ушул Жобонун талаптары башкы компанияларга - Кыргыз Республикасынын резденттерине таркатылат.
- Жобонун биринчи пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Банктык топтун финансылык отчету банктык топтун башкы компаниясы тарабынан консолидацияланган негизде сунушталат (мындан ары - банктык топтун консолидацияланган финансылык отчету).";
- жобонун экинчи пункту үчүнчү абзац катары саналсын;
Жобонун 4-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын: "- банктык топтун ишинин жана алардын башка юридикалык жактардын капиталына салымдарынын, ушул юридикалык жактар менен жүргүзүлгөн операциялардын жана бүтүмдөрдүн натыйжаларын сунуштоо;
- банктык топтун катышуучуларынын операцияларды жана бүтүмдөрдү, банктык топтун тобокелдиктерин сунуштоосу.";
- Жобонун 5-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Эгерде банктык топтун катышуучусу банктык топтун окшош операциялар жана окшош шарттардагы окуялар боюнча консолидацияланган финансылык отчетун түзүү үчүн кабыл алынган эсептик саясаттан айырмаланган эсептик саясатты ушул сыяктуу эле шарттарда тиешелүү операцияларга жана жагдайларга карата пайдаланган болсо, анда консолидацияланган финансылык отчетту даярдоо процессинде анын финансылык отчету тиешелүү негизде кайра өзгөртүп түзүлөт.".
2. Жобонун "Финансылык отчетко жана анын компоненттерине карата жалпы талаптар" деп аталган 2-бөлүгүндө:
- Жобонун 2-бөлүгүнүн 10-пунктунун биринчи абзацы "банктын жөндөмдүүлүгүнө баа берүү" деген сөздөрдөн кийин "/банктык топтун" деген сөздөр менен толукталсын;
- Жобонун 2-бөлүгүнүн 13-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Эгерде, башкы компания менен туунду компаниянын отчеттук күндөрү дал келбесе, анда туунду компания консолидациялоо максаттары үчүн кошумча финансылык отчетту даярдайт.";
- Жобонун 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 18-1 - 18-10-пункттар менен толукталсын:
"18-1. Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчету анын бардык туунду, караштуу жана байланыштуу компанияларынын финансылык отчетторун камтууга тийиш. Мында, банктык топтун катышуучулары башкы компания тарабынан сунушталган маалыматтардын аныктыгына жана толук берилишине жоопкерчиликтүү болушат. 18-2. Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчетун түзүү учурунда башкы компания башкы жана туунду уюмдардын финансылык отчетторун активдердин, милдеттенмелердин, капиталдын, киреше жана чыгашалардын окшош статьяларын кошуу аркылуу, сап боюнча консолидациялайт. 18-3. Консолидацияланган отчетто төмөнкү маалыматтарды ачып берүү зарыл:
- башкы компанияга тике же кыйыр түрүндө, туунду компания аркылуу 50% ашыгыраак добуш берүү укугу тиешелүү болбогон учурда, башкы жана туунду компаниялардын ортосундагы өз ара мамилелердин мүнөзү;
- туунду компаниялар аркылуу тике же кыйыр түрдө үлүшкө ээ болуусу объекттин добуш берүүгө укугунун же потенциалдуу укугунун 50% жогору болушу себеби, алардын үстүнөн контролдукту өзүнө алууга алып келбейт;
- эгерде туунду компаниянын консолидацияланган финансылык отчетту даярдоодо пайдаланган отчеттук күнү же финансылык отчеттуулук мезгили башкы компаниянын отчеттук күнүнөн же финансылык отчеттуулук мезгилинен айырмаланса:
а) туунду компаниянын финансылык отчетунун отчеттук күнүн;
б) башка отчеттук күндүн же мезгилдин пайдаланылышынын себебин;
- туунду компаниянын башкы компаниянын каражаттарын акчалай түрүндө төлөнүүчү дивиденддер формасында өткөрүп берүү же болбосо карыздарды же аванстарды төлөө мүмкүнчүлүгү жагындагы олуттуу чектөөлөрдүн мазмунун жана масштабын.
- башкы компаниянын туунду компанияга катышуу үлүшүнүн анын үстүнөн контролдукту жоготууга алып келбеген өзгөрүүсүнүн, башкы компаниянын ээлик кылуучуларына туура келген капиталдын өлчөмүнө таасирин көрсөткөн таблицаны;
- туунду компанияга контролдукту жоготкон шартта, башкы компания ФОЭСке ылайык таанылган кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматтарды (эгерде булар болгон болсо), анын ичинде төмөнкүлөрдү ачып көрсөтүүгө тийиш:
а) мурунку туунду компанияда сакталган инвестицияларга контролдукту жоготкон күнгө карата адилеттик наркы боюнча таанууга туура келген кирешелердин же чыгашалардын бөлүгү;
б) курамында киреше же чыгаша таанылган (эгерде ал чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө консолидацияланган отчетто өзүнчө берилбесе) чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө консолидацияланган отчеттогу статьяны (статьяларды).
18-4. Башкы компаниянын консолидацияланган финансылык отчету банктык топ тууралуу маалыматты бирдиктүү экономикалык уюм катары сунуштоосу үчүн төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруу зарыл:
- башкы компаниянын ар бир туунду компаниядагы инвестицияларынын баланстык наркын жана башкы компаниянын ар бир туунду компаниянын капиталындагы үлүшүн алып салуу;
- консолидацияланган туунду компаниялардын отчеттук мезгил ичинде пайдага же чыгашага катышуусунун контролдукка алынбаган үлүшүн (же азчылык үлүшүн) аныктоону;
- консолидацияланган туунду компаниялардын таза активдерге катышуусунун контролдукка алынбаган үлүшүн (же азчылык үлүшүн) башкы компаниянын аларда катышуусунун үлүшүнөн өзүнчө аныктоону. Таза активдерге катышуусунун контролдукка алынбаган үлүшү (же азчылык үлүшү) төмөнкүлөрдөн турат:
а) бизнести биринчи бириктирүү күнүнө карата катышуунун контролдук кылынбаган үлүшүнүн (же азчылык үлүшүнүн) өлчөмү;
б) бизнести бириктирген учурдан тартып капиталдагы өзгөрүүлөргө катышуусунун контролдукка алынбаган үлүшү (же азчылык үлүшүн);
18-5. Консолидацияланган финансылык отчетту түзүүдө банктык топтун ичиндеги эсептешүүлөр, бүтүмдөр, кирешелер жана чыгашалар боюнча калдыктар, толугу менен алынып салынууга тийиш. 18-6. Туунду компания, анын иши банктык топтун башка катышуучуларынын ишинен айырмаланган негизде консолидациядан алынып салынбайт. 18-7. Туунду компания инвесторлор катары тобокелдиктүү капитал, фондулар, траст менен же окшош түзүмдөгү уюм иш алып барган негизде консолидациядан алынып салынбайт. 18-8. Башкы компания менен туунду компаниянын ортосундагы өз ара мамилелер ушул байланыштуу тараптардын ортосунда операциялар жүзөгө ашырылдыбы же жокпу ага көз карандысыз, милдеттүү түрдө финансылык отчетто ачык көрсөтүлүүгө тийиш. 18-9. Эгерде Башкы компаниянын Кыргыз Республикасынын территориясында жайгашкан анын башкы компаниясы ФОЭСтин жана Улуттук банктын талаптарына ылайык келген консолидацияланган финансылык отчетту чыгарган болсо, банктык топтун консолидацияланган финансылык отчетун сунуштоодон жана тапшыруудан бошотулат."; 18-10. Туунду, биргелешип контролдукка алынуучу жана ассоциацияланган уюмдарга инвестициялар консолидацияланган финансылык отчетто ФОЭСке ылайык ачып көрсөтүлөт".
- Жобонун 19-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Консолидацияланган финансылык отчетто банктык топтун финансылык абалы боюнча маалыматтардын туура жана анык чагылдырылышы, башкы компаниянын Байкоо органынын Төрагасы же ал жок учурда, Байкоо органынын Төрагасынын милдетин аткаруучу, башкы компаниянын Башкы бухгалтери жана башкы компаниянын аткаруу органынын отчетту даярдоо боюнча ишти түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсү тарабынан тастыкталат.".
3. Жобонун "Финансылык отчетту сунуштоонун жана жарыялоонун тартиби жана мөөнөттөрү" деп аталган 3-бөлүгүндө:
- Жобонун 3-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 26-1-пункт менен толукталсын:
"Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчету ушул Жобонун талаптарына ылайык жарыяланат жана пайдалануучуларга сунушталат.".
4. Жобонун "Күн сайын, жума сайын жана чейрек сайын берилүүчү финансылык отчеттор, аларды сунуштоонун тартиби жана мөөнөттөрү" деп, аталган 4-бөлүгүндө:
- Жобонун 4-бөлүгүнүн 27-пунктунун төртүнчү абзацы "өздүк капиталында" деген сөздөн кийин ", ошондой эле 31-1-пунктунда камтылган маалыматты дагы" деген сөздөр менен толукталсын;
- Жобонун 4-бөлүгүнүн 31-пунктунун биринчи абзацы "өздүк капиталында" деген сөздөн кийин ", ошондой эле 31-1-пунктунда камтылган маалымат дагы" деген сөздөр менен толукталсын;
- Жобонун 4-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 31-1-пункт менен толукталсын:
- "Чейрек сайын берилүүчү финансылык отчет төмөнкүлөрдү да камтууга тийиш:
- Банк тарабынан отчеттук чейректин ичинде чыгарылган бардык баалуу кагаздар жөнүндө маалыматты;
- Бардык ири акционерлердин жана акциялардын контролдук пакетине ээлик кылуучу акционерлердин тизмеси жана алардын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн формалар боюнча банктын акцияларынын санындагы үлүшүн;
- Банктын финансылык-чарбалык ишине таасирин тийгизген, отчеттук чейректе орун алган олуттуу фактылар жөнүндө маалымат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык кабыл алынган, ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалыматтарды.
Олуттуу фактыларга банктын финансылык-чарбалык ишине жана/же төмөнкүлөрдү кошо алганда, банк тарабынан эмитирленген баалуу кагаздардын наркына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон окуялар (фактылар) кирет:
- банктын башкаруу органына кирген (катышуучулардын жалпы чогулушун эске албаганда) адамдардын тизмесиндеги өзгөрүүлөр;
- банк башкаруусунун шайлоо органдарына кирген адамдардын, эмитенттин капиталында, ошондой эле анын туунду жана караштуу компанияларына катышуусунун санынын өзгөрүүсү;
- баалуу кагаздарга 5 же андан ашык пайыз (үлүш) ээлик кылуучулардын, ошондой эле баалуу кагаздарга 5 же андан ашык пайыз ээлик кылуучулардын үлүштөрүнүн өзгөрүүсү жөнүндөгү тизмедеги өзгөрүүлөр;
- банк, уставдык капиталынын 20 же андан ашык пайызына ээлик кылган юридикалык жактардын тизмесиндеги өзгөртүүлөр;
- банктын реестринде анын добуш берүүчү акцияларына (үлүштөрүнө, пайларына) 5 пайыздан көбүрөөк ээлик кылуучулардын пайда болушу;
- банктын, өлчөмү же мүлктүн наркы анын бүтүм келишилген күнгө карата активдеринин 10 же андан ашык пайызын түзгөн бир жолку бүтүмдөрү;
- банктын активдеринин наркынын бир жолу көбөйүүсүнө же 10 пайыздан ашыгыраакка азаюусуна алып келген факты (фактылар);
- банктын таза пайдасынын бир жолу көбөйүүсүнө же таза чыгымынын 10 пайыздан ашыгыраакка көбөйүүсүнө алып келген факты (фактылар);
- банкты, анын туунду жана караштуу компанияларын кайра өзгөртүп түзүү;
- банктын баалуу кагаздары боюнча чегерилген жана (же) төлөнгөн кирешелери;
- жалпы чогулуштун чечимдери;
- банктын баалуу кагаздарынын ордун толтуруу;
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларында каралган башка окуялар (фактылар).".
- Жобонун 4-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 31-2-пункт менен толукталсын:
"Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчету ушул Жобонун 31-пунктундагы нормаларга ылайык жарыяланат жана пайдалануучуларга сунушталат.".
5. Жобонун "Финансылык отчетко карата эскертүүлөр" деп аталган 10-бөлүгүндө:
- Жобонун 10-бөлүгүнүн 68-пункту төмөнкү мазмундагы г) пункту менен толукталсын:
"г) - банк тарабынан отчеттук жылга чейин чыгарылган жана жүгүртүүдө жүргөн бардык баалуу кагаздар жөнүндө маалымат;
- банк тарабынан отчеттук жылдын ичинде чыгарылган бардык баалуу кагаздар жөнүндө маалымат;
- банктын акционерлеринин (катышуучуларынын) жалпы саны жөнүндө маалымат;
- бардык ири акционерлердин жана акциялардын контролдук пакетине ээлик кылган акционерлердин тизмеси жана алардын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн формалар боюнча банктын акцияларындагы үлүшү;
- банктын ар бир кызмат адамы жөнүндө маалыматтар;
- отчеттук мезгилдин ичинде колдонулган же өзгөртүлгөн тажрыйбаны кыскача чагылдырууну кошо алганда, эмитенттин корпоративдик башкаруу практикасын кыскача чагылдыруу;
- директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан билдирилген кайсы болбосун пикирди эске алганда, жетекчинин банктын отчеттук мезгил ичиндеги иши жана финансылык натыйжалары жөнүндө отчету;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган, ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалыматтар;";
- жобонун 10-главасы төмөнкү мазмундагы 68-1 пункт менен толукталсын:
"68-1. Консолидацияланган финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө төмөнкүлөр ачып көрсөтүлүүгө тийиш:
- банктык топтун түзүмү жана банктык топтун катышуууларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн схема боюнча өз ара байланыштары жөнүндө маалыматтар;
- башкы компаниянын Байкоо органынын мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар;
- ири тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар;
- алынган отчеттордун негизинде жана башка тобокелдиктердин концентрацияланышы жөнүндө маалыматтар;
- сегменттер жана тиешелүү сегменттик анализ боюнча маалыматтар;
- банктык топтун мурдагы катышуучулары жөнүндө маалыматтар (компанияны топтон бөлүү жөнүндө);
- "байланыштуу" тараптар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтар;
- банктык топтун бардык катышуучулары жөнүндө маалыматтар (аталышын, ээлик кылуу пайызын, ишинин түрүн же ар бир туунду, караштуу же байланыштуу компания тартылган түрлөрүн кошо алганда, бардык туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялар жөнүндө);
- башкы компаниянын менчигинин түзүмү, ошондой эле туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялардын түзүмү боюнча маалыматтар.
- башкы компаниянын туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялар менен ишке ашырылган бардык операциялары, ошондой эле башкы компаниянын туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялар менен байланыштуулугу жөнүндө маалыматтар.
- ушул Жобонун 68-пунктунун г) пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтар.".
- Жобо төмөнкү мазмундагы 2 жана 3-тиркемелер менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө" жобого карата 2-тиркеме
Банктын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу таасирин тийгизүүчү (тике жана кыйыр) жактардын (адамдардын) ТИЗМЕСИ
Банктын фирмалык толук аталышы: __________________________________ Банктын фирмалык кыскартылып аталышы: ____________________________ Банктын каттоодон өткөн номери: __________________________________ Банктын почталык дареги: _________________________________________
| Банктын 5 же андан ашык пайыздагы (%) акцияларга ээлик кылган акционерлери (катышуучулары) ├───┬────────────────┬─────────────┤ алынган № п/п | Банктын башкаруу органдары тарабынан кабыл менен банктын Юридикалык жана айкын дарегин көрсөтүү менен юридикалык жактын фирмалык толук жана кыскартылган аталышы/жаранды- гын көрсөтүү менен жеке адамдын аты-жөнү | Банктын акционерлери (катышуучулары) Банктын акционерге (катышуучуга) тиешелүү акциялары (үлүшү) (банктын добуш берүүчү акцияларынын (үлүшүнүн) жалпы санына карата добуштардын пайызы) | чечимдерине кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жак | башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактын ортосундагы өз ара байланыштар |
|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
Банк Башкармасынын Төрагасы Аты-жөнү (колу)
Банктын топтун башкы компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу таасирин (тике жана кыйыр) тийгизүүчү жактардын (адамдардын) ТИЗМЕСИ
Башкы компаниянын фирмалык толук аталышы: ________________________ Башкы компаниянын фирмалык кыскартылып аталышы: __________________ Башкы компаниянын каттоодон өткөн номери: ________________________ Башкы компаниянын почталык дареги: _______________________________
| Банктын 5 же андан ашык пайыздагы (%) акцияларга ээлик кылган банктык топтун башкы компаниясынын акционерлери (катышуучулары) ├───┬────────────────┬───────────────┤ органдары № п/п | Банктык топтун башкы компаниясынын башкаруу (катышуучулары) Юридикалык жана айкын дарегин көрсөтүү менен юридикалык жактын фирмалык толук жана кыскартылган аталышы/жаранды- гын көрсөтүү менен жеке адамдын аты-жөнү | Банктык топтун башкы компаниясынын акционерлери Банктык топтун башкы компаниясынын акционерине (катышуучусуна) тиешелүү акциялары (үлүшү) (банктык топтун башкы компаниясынын добуш берүүчү акцияларынын (үлүшүнүн) жалпы санына карата добуштардын пайызы) | тарабынан кабыл алынган чечимдерине кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жак | менен банктык топтун башкы компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерине кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактын ортосундагы өз ара байланыштар |
|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
Ээлеген кызматы Аты-жөнү кол тамгасы ___________________ ____________________ _______________
Банктык топтун туунду компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу таасирин (тике жана кыйыр) тийгизүүчү жактар (адамдар), туунду компаниялар жана анын акционерлери жөнүндө МААЛЫМАТ
Башкы компаниянын фирмалык толук аталышы: ________________________ Башкы компаниянын фирмалык кыскартылып аталышы: __________________ Башкы компаниянын каттоодон өткөн номери: ________________________ Башкы компаниянын почталык дареги: _______________________________
| № п / п | Банктык топтун туунду компания- сынын аталышы (юридика- лык жана айкын дарегин көрсөтүү менен) | Банктык топтун туунду компания- сынын аталышы/ адамдын аты-жөнү жана акционердин (катышуу- чунун) үлүштүк катышуусу | Банктык топтун башкы компания- нын туунду компания- нын уставында- гы үлүштүк катышуусу | Туунду компани- янын компани- янын уставын- дагы үлүштүк катышуу- су | Башкы компаниянын аталышы/ адамдын аты-жөнү жана башкы компаниянын акционери- нин (катышуучу- нун) туунду компаниянын уставдык капиталына үлүштүк катышуусу | Банктык топтун башкы жана туунду компанияла- рынын акционерлери (катышуучу- лары) менен банктык топтун туунду компаниясы- нын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактын ортосундагы өз ара байланыштар |
|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
Ээлеген кызматы Аты-жөнү кол тамгасы ___________________ ____________________ _______________
Банктык топтун караштуу компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу таасирин тийгизүүчү (тике же кыйыр) караштуу компаниялары жана алардын акционерлери жана жактар (адамдар) жөнүндө МААЛЫМАТ
Башкы компаниянын фирмалык толук аталышы: ________________________ Башкы компаниянын фирмалык кыскартылып аталышы: __________________ Башкы компаниянын каттоодон өткөн номери: ________________________ Башкы компаниянын почталык дареги: _______________________________
| № п / п | Банктык караштуу туунду компания- сынын аталышы (юридика- лык жана айкын дарегин көрсөтүү менен) | Банктык топтун караштуу компания- сынын аталышы/ адамдын аты-жөнү жана акционердин (катышуу- чунун) үлүштүк катышуусу | Банктык топтун башкы компания- сынын караштуу компания- нын уставында- гы үлүштүк катышуусу | Караштуу компани- янын банктык топтун башкы компани- ясынын уставын- дагы үлүштүк катышуу- су | Башкы компаниянын аталышы/ жана башкы компаниянын акционери- нин (катышуучу- нун) караштуу компаниянын уставдык капиталына үлүштүк катышуусу | Банктык топтун башкы жана караштуу компанияла- рынын акционерлери (катышуучу- лары) менен банктык топтун туунду компаниясы- нын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактын ортосундагы өз ара байланыштар |
|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
Ээлеген кызматы Аты-жөнү кол тамгасы ___________________ ____________________ _______________
Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө жобого карата 3-тиркеме
Банктык топтун түзүмү жөнүндө МААЛЫМАТТАР
________________________________________ (башкы компаниянын аталышы) ______________ карата абал боюнча
| Олуттуу таасир эте алган адам/жак | же | Башкы компания (банк/банктык эмес мекеме) - КР резиденти эмес | Олуттуу таасир эте алган адам/жак | же | Башкы компания (банк/банктык эмес мекеме) - КР резиденти эмес | |
|---|---|---|---|---|---|---|
v v v v
| Банк - КР резиденти - башкы компания └─────┬────────────┬────┘ | юр. жак - КР резиденти - | Банктык холдингдик компания/ыйгарым укуктуу башкы компания |
v v └─┬────────┬──────────┬───┘
| ┌───────────────┐┌───────────────┐ Туунду/караштуу компания - КР резидент эмеси └────┬───────┬──┘└──────────┬────┘ v v v | Туунду резиденти | Туунду/караштуу компания - КР резидент эмеси | v ┌─────────┐ банк - КР | v ┌───────────────┐ Туунду/караштуу резиденти | компания - КР |
┌──────────┐┌───────────┐┌──────────┐ └─────────┘ v └───────────────┘
| Туунду/ караштуу компания - КР резиденти | Туунду/ караштуу компания - КР резидент эмеси | Туунду/ караштуу компания - КР резиденти | ┌───────────────┐ └───────────────┘ | Туунду/караштуу компания - КР резидент эмеси |
Ээлеген кызматы Аты-жөнү Кол тамгасы ________________ ______________ _____________".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө ЖОБО" (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12…Положение · 12.03.2010 · № 6/2
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 " "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата…Постановление · 12.03.2010 · № 6/2
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон