# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 15-сентябрындагы № 73/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 12/6 "Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 15-сентябрындагы № 73/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 12/6 "Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 73/2
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.09.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302365>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-334/edition/437661/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302365.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 15-сентябрындагы № 73/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 12/6 "Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому" (15.09.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302365

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 15-сентябры № 73/2 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 12/6 "Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын)минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык абалына терс таасирин тийгизген 2009-жылдын апрель жана июнь айларында өлкөдө орун алган саясий жана экономикалык жагдайларга байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 31-статьясына жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 11 жана 39-1-статьяларына таянуу менен Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 11-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 1-апрелинде 38-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 12/6 "Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомунун 1-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- токтомдун 1-пунктундагы "2010-жылдын 1-октябрынан" деген сөздөр "2010-жылдын 31-декабрынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Токтом ал кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

4. Токтомдун аткарылышына контролдук Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Мырзаев А.А. мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төрагасынын милдетин аткаруучусу

Жээнбаева Б.Ж.
