# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-ноябрындагы № 88/2 " "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкө валютасында депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтому"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-ноябрындагы № 88/2 " "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкө валютасында депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтому"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 88/2
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.11.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302359>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-331/edition/437667/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302359.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.11.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-ноябрындагы № 88/2 " "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкө валютасында депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтому" (26.11.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302359

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 26-ноябры № 88/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкө валютасында депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 26 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкө валютасындагы депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы коммерциялык банктар менен мурда түзүлгөн жана учурда колдонулуп жаткан "Чет өлкө валютасындагы депозиттик эсептерди ачуу жана тейлөө жөнүндө" келишимдерди токтотуу боюнча тиешелүү чараларды 2011-жылдын 1-январына чейин көрүшсүн.

3. Токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

4. Юридикалык бөлүм бул токтомду расмий жарыялангандан кийин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

5. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары С.Абдыбалы тегин мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төрагасынын милдетин аткаруучусу

Б.Жеенбаева
