Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 25-декабрында 118-07 номеринде каттоодон өткөрүлгөн № 51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановления Правления Национального банка КР от 28 ноября 2012 года № 45/11 "О внесении изменений в Государственный классификатор платежного оборота, утвержденный постановлением Правления Национального банка Кыргызской Республики от 30.11.2007 г. № 54/1 "Об утверждении Государственного классификатора платежного оборота" и зарегистрированный в Министерстве юстиции Кыргызской Республики, регистрационный номер 118-07 от 25 декабря 2007 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-11-28.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 28 – ноябрындагы № 45/11 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 16-июнундагы № 49/5 Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 25-декабрында 118-07 номеринде каттоодон өткөрүлгөн № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Төлөм системалары башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын структуралык классификациясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тиешелүү кайрылуусу боюнча маалыматын карап көрүп, улуттук валютадагы нак эмес каражаттар агымына анализдөөлөрдү жүргүзүү жана алардын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн көрсөткүчтөрдү системага салууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 25-декабрында 118-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин.
2. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусун, республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.
3. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы жана Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Улуттук банктын Башкы китебинде, Пакеттик клиринг системасында жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында төлөмдөрдүн коддорунун маалымдамасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
4. Төлөм системалары башкармалыгы, Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторунун андан ары белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүлүшү үчүн аны Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жөнөтсүн.
5. Токтом, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн 2 жумадан кийин күчүнө кирет.
6. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын милдетин аткаруучу З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын төрагасынын милдетин аткаруучусу
З.Чокоев
Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-июнундагы № 49/5 токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. "Мамлекеттик бюджетке кирешелер боюнча төлөмдөр" деп аталган 1-бөлүктүн "Кызматкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү" деп аталган 12110000 тобунун элементтери төмөнкү редакцияда берилсин:
Төлөм коду
Төлөм багытынын аталышы
12110000
Кызматкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү
12110100
Кызматкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү
12110101
Мамлекеттик пенсияны топтоо фондусуна негизги карыздар боюнча кызматкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү
12110102
Мамлекеттик пенсияны топтоо фондусуна мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздар боюнча кызматкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү
12110103
Мамлекеттик пенсияны топтоо фондусуна мурдатан калган карыздар боюнча кызматкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү
2. "Мамлекеттик бюджетке кирешелер боюнча төлөмдөр" деп аталган 1-бөлүктүн "Жумуш берүүчүлөрдүн камсыздандыруу төлөмдөрү" деп аталган 12120000 тобунун элементтери төмөнкү редакцияда берилсин:
12120000
Жумуш берүүчүлөрдүн камсыздандыруу төлөмдөрү
12120100
Жумуш берүүчүлөрдүн камсыздандыруу төлөмдөрү
12120101
Жумуш берүүчүлөрдүн жана жумушчулардын негизги карыз боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү (Мамлекеттик пенсияны топтоо фондусунан тышкары)
12120102
Жумуш берүүчүлөрдүн жана жумушчулардын мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздары боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү (Мамлекеттик пенсияны топтоо фондусунан тышкары)
12120103
Жумуш берүүчүлөрдүн жана жумушчулардын мурдатан калган карыздары боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү (Мамлекеттик пенсияны топтоо фондусунан тышкары)
3. "Мамлекеттик бюджетке кирешелер боюнча төлөмдөр" деп аталган 1-бөлүктүн "Башка төлөмдөр/чегерүүлөр" деп аталган 12230000 тобунун элементтери төмөнкү редакцияда берилсин:
12230000
Башка төлөмдөр/чегерүүлөр
12230100
Башка төлөмдөр/чегерүүлөр
12230101
Негизги карыз боюнча айыптык санкциялар
12230102
Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздар боюнча айыптык санкциялар
12230103
Мурдатан калган карыздар боюнча айыптык санкциялар
4. "Мамлекеттик бюджетке кирешелер боюнча төлөмдөр" деп аталган 1-бөлүктүн "Социалдык фонддун башка төлөмдөрү" деп аталган 1230000 тобунун элементтери төмөнкү редакцияда:
12300000
Социалдык фонддун башка кирешелери
12310000
Социалдык фонддун башка кирешелери
12310100
Социалдык фонддун башка кирешелери
12310101
Капиталдаштырылуучу суммалар боюнча төлөөлөр
12310102
Регресстик доолор боюнча төлөөлөр
12310103
Мөөнөтүн кийинкиге жылдыргандык үчүн пайыздар
5. "Мамлекеттик бюджеттен чыгашалар жана төлөмдөр" деп аталган 2-бөлүктүн "Социалдык жөлөк пулдар жана төлөөлөр" деп аталган 27000000 тобунун элементтери төмөнкү редакцияда берилсин:
27000000
Социалдык жөлөк пулдар жана төлөөлөр
27100000
Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар
27110000
Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар
27111000
Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар
27111100
Калкты социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиялар
27111101
Мамлекеттик пенсияны топтоо фондусу боюнча пенсиялар жана төлөөлөр
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик классификатору (КР Улуттук Банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 токтому менен бекитилген)Классификатор · 30.11.2007 · № 51/4
- Постановления Правления Национального банка КР от 28 ноября 2012 года № 45/11 "О внесении изменений в Государственный классификатор платежного оборота, утвержденный…Постановление · 28.11.2012 · № 45/11
- "О внесении изменений в Государственный классификатор платежного оборота, утвержденный постановлением Правления Национального банка Кыргызской Республики от 30.11.2007 г. №54/1…Постановление · 30.11.2007 · № 54/1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51-4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун" бекитүү тууралуу " токтомуПостановление · 30.11.2007 · № 51/4
- Постановления Правления Национального банка КР от 28 ноября 2012 года № 45/11 "О внесении изменений в Государственный классификатор платежного оборота, утвержденный…Постановление · 28.11.2012 · № 45/11
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон