Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын «»Экобанк» ААКсынын капиталдын шайкештик стандарттарын сактоосуна карата талаптар жөнүндө токтому»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 16-июну № 49/3 "Экобанк" ААКсынын капиталдын шайкештик стандарттарын сактоосуна карата талаптар жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча" нускоонун талабы, алгачкы долбоордун алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган шартта, "Экобанк" ААКсына таркатыла тургандыгы белгиленсин.
2. Бул токтом 2006-жылдын 16-майындагы Кыргыз Республикасы, Ислам өнүктүрүү банкы жана "Экобанк" ААКсынын ортосунда Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жана каржылоо принциптерин колдонууга киргизүүгө тиешелүү өз ара түшүнүшүү Меморандумунун талабын жүзөгө ашыруунун чегинде түзүлгөн Жетектөөчү комитетке жөнөтүлсүн.
3. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 19-мартында 31-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 9/1 "Каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операцияларды эске алуу менен "Экобанк" ачык акционердик коомунун капиталынын шайкештик коэффициенттерин эсептөө өзгөчөлүктөрү жөнүндө" нускоо тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Токтом 2010-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
5. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
6. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы ушул токтом менен "Экобанк" ААКсын тааныштырсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын мүчөсү, айым С.К.Алыбаевага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын төрагасынын милдетин аткаруучусу
З.Чокоев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды…Инструкция · 28.12.2009 · № 51/4
- ИНСТРУКЦИЯ об особенностях расчета коэффициентов адекватности капитала в ОАО "Экобанк" с учетом операций, осуществляемых в соответствии с исламскими принципами финансированияИнструкция · 22.02.2007 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правления Нацбанка КР от 22 февраля 2007 года №9/1 "Об Инструкции "Об особенностях расчета коэффициентов адекватности капитала в ОАО "Экобанк" с учетом операций…Постановление · 22.02.2007 · № 9/1 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын…Постановление · 28.12.2009 · № 51/4
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правления Нацбанка КР от 22 февраля 2007 года №9/1 "Об Инструкции "Об особенностях расчета коэффициентов адекватности капитала в ОАО "Экобанк" с учетом операций…Постановление · 22.02.2007 · № 9/1 · Күчүн жоготкон