# КР Улуттуу банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 ""Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу"

- Толук аталышы: КР Улуттуу банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 ""Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 36/7
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/302342>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-319/edition/506217/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/302342.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттуу банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 ""Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" (26.05.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/302342

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 26-майы № 36/7 "Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 43-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого сунушталган "Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын милдетин аткаруучу З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төрагасынын милдетин аткаруучу

З.Чокоев
